Иран менен сүйлөшүүнүн келечеги оптимизм жаратпай турат
суббота, 14 апреля 2012 г. 16:13:27
Иранга карата дипломатиянын бүдөмүк келечеги

13-апрелде АКШ жана «P5+1» (Россия, Кытай, Франция, Улуу Британия жана Германия) форматынын мүчөлөрү кайрадан Иран менен сүйлөшкөнү чогулат. Бул сүйлөшүүлөрдү Ислам Республикасынын өзөктүк куралы боюнча Батыш менен кепке келишине «акыркы мүмкүнчүлүк» деп атап жатышат. Ошого карабай сүйлөшүүлөрдүн болочок жыйынтыгы көрүнүп калды - ал эч кандай үмүт жаратпай окшойт.
Стамбулда 13-апрелде баштала турган диалог Батыштын дипломатиялык аракеттеринин жана Ирандын өзүм билемдигинин бөлүгү болуп саналат. Ал Ирандын өзөктүк программасы боюнча кайсы бир деңгээлде резолюция кабыл алууга багытталган формалдуу эл аралык дипломатиянын үчүнчү айлампасы болуп эсептелет. Алгачкы мындай аракет 2003-2005-жылдар аралыгында болгон «EU-3» деген аталыштагы сүйлөшүүлөр; экинчиси, 2008-жылы июнда «P5+1»дин Иран менен консультация кылууга аракети болгон. Бул арада Иран менен Батыштын ортосунда онго жакын сунуштар жана макулдуктар айтылган, бирок көрүнүктүү натыйжа чыккан эмес.
Буга себеп - Батыштын өтө эле дымактуу максаттары. Мурдагы сүйлөшүү башталаар алдында Обаманын администрациясы Иран режимине карата өзүнүн бир нече талаптары менен ниеттерин, анын ичинде Фордодогу уран байытуучу заводду жабуу талабын коерун да билдирген. Бирок АКШ менен анын союздаштарынын пикиринде чыны менен эмне ийгилик болуп эсептелери түшүнүксүз бойдон калууда.
Белгилүү болгону - сүйлөшүүлөр узак процесс болгону калды көрүнөт, себеби америкалык аткаминерлер белгилеп жатышкандай Ирандын жообу - анын АКШнын талаптарын аткарууга даярдыгы - биринчи эле жолугушуудан кийин айкын боло калбайт. Мунун баары сүйлөшүүлөр АКШ менен Европаны саясий жактан шал кылып салышы мүмкүн экендигин көрсөтүп турат, башкача айтканда Иран менен так максаты белгисиз узак диалог болмокчу.
Ошол арада Иран Батыш менен келишим түзсө эң эле аз пайда көрүп калган атат. Акыр аягы бир аз мурда Ирактан америкалык аскерлердин чыгарылып кетиши жана Афганистандан акырындап чыга баштаганы Ирандын аткаминерлерине «Вашингтондун Жакынкы Чыгыштын иштерине кийлигишүүсү азайып жатат» деп айныксыз белги берип жатат (мындай жол менен Ирандын колу-жолу бошураак болмок). Ирандын Батыш анын минималдуу өзөктүк куралданышына макул болуп калды деп кабыл алышы, анын өзүнө эле жаман болмокчу. Бул ойго алданып алган Иранда «убакты-саатын күтө туралы да, азыркы стратегиялык курсту уланта берели» деген мотив болушу мүмкүн.
Ошондуктан сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы Иран үчүн артыкчылыкка ээ болушу керек. Буга чейинки аракеттер сыяктуу эле бул сүйлөшүү Ислам Республикасына убакытты созууга мүмкүндүк бермекчи. Анан калса, эгер сүйлөшүүлөр ыкка келгенге жол ача турган болсо, анда Тегеранды кеңири сүйлөшүүлөр менен жаңы санкциялардын мөөнөтүн жылдыруу сыяктуу сыйлык күтүп жатат.
Бирок Ирандын стратегиялык эсептери түп-тамырынан өзгөрүлгөн жок. Чындыгында эле Батыш киргизген экономикалык санкциялар баары бир өз натыйжасын берет - Азия менен сооданын азайышы жана ички инфляциянын көтөрүлүп кеткени буга жакшы далил. Бирок Ирандын лидерлери ушул кезге чейин өзөктүк курсун карманаарын көрсөтүп жатышат. (Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад акыркы күндөрү мунай блокадасына дагы 2-3 жылга чейин чыдай алаарын, ал арада анын өлкөсү «өзөктүк» деген статусту аттап өтөөрүн, башкача айтканда, жакшыраак чечим кабыл алаарын билдирген).
Ошондуктан Иран үчүн сүйлөшүүлөр - бул белек эмес, чындап келгенде Батыштын камдап жаткан жообун алыстатып туруунун (жана балким ал тургай жокко чыгарып жиберүүнүн) эң ишенимдүү жолу. АКШ жана анын союздаштары үчүн сүйлөшүүлөр Ирандын өзөктүк процесстерин токтотуш үчүн күч колдонуу тууралуу катаал чечимди убактылуу жылдырып турганга мөөнөт бермекчи. Эгерде өткөн тарых чын эле мааниге ээ боло турган болсо, бул сүйлөшүүлөр бардык маселелерди чече салбасы анык.

Илан Бермэн
«Forbes», 11-апрель, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Иран сүйлөшүү P5+1
Другие материалы раздела:
Комментарии
карс kg


Публикации Авторов:

12.12.2019
P.Leonard, EuAs
Узбекистан: выборы оживились, но выбор ограничен

11.12.2019
"Platon.Asia"
Порт Актау присоединится к Региональному форуму по торговле и транспорту

11.12.2019
"Finance.kz"
Кыргызстан демонстрирует один из самых высоких темпов развития в ЕАЭС

10.12.2019
"Nezavisimaya gazeta"
Нур-Султан освободит немецкий бизнес от налогов

07.12.2019
V.Panfilova, NG
Президент Таджикистана готовит себе преемника

03.12.2019
"Vedomosti Kazakhstana"
Транзит Касым-Жомарта, Шавката и Сооронбая: «сегунат», выход из-под контроля и борьба со спецслужбами

02.12.2019
"Tengrinews", KZ
Иностранный олигарх "спонсировал" политиков из Казахстана - СМИ

29.11.2019
F.Vakilov (Trd)
Узбекистан - "Открытие года" по версии National Geographic Traveler

28.11.2019
V.Panfilova, NG
Казахстанский бизнес укрепляется в Кыргызстане

27.11.2019
"Express-k.kz"
Казахстан – единственный в мире экспортер осмия, самого дорогого металла в мире

27.11.2019
К.Карабеков, К.Кривошеев, Ъ
Кыргызская таможня перешла все границы

25.11.2019
"Haqqin.az"
Кыргызы протестуют против коррупции

25.11.2019
"Eurasia.expert"
Армения и Казахстан упростят миграционный режим

25.11.2019
V.Panfilova (NG)
Президенту Кыргызстана грозят импичментом

21.11.2019
"Vesti.uz"
Из Узбекистана активнее других выезжают казахи

20.11.2019
"Cabar.asia"
«Противоречит национальному менталитету». Почему узбекские артисты уезжают за границу?

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней