Түндүк Кореянын өзүнүн ГУЛАГы бар
четверг, 12 апреля 2012 г. 22:20:15
Америкалык уюмдун баяндамасында Түндүк Кореянын түрмө лагерлеринде 150 миң абакчы саргайып жатканы айтылат

Вашингтон. Жаңы баяндамада «Түндүк Кореянын 150 миң саясий туткуну Советтер Союзунун убагында иш алып барган түзөтүүчү-эмгек лагерлердин башкы башкармалыгынын (ТЭЛББ) (ГУЛАГ) абак жайларына окшогон жашыруун лагерлерде жатышат», - деп айтылат, ал эми Түндүк Кореянын өкмөтү бул маалыматты четке кагууда.
Шейшемби күнү жарыяланган «Түндүк Кореядагы адам укуктары боюнча АКШ комитети» деп аталган уюмдун баяндамасы баш-аягы 60 эмгек лагерлеринин күзөтчүлөрү менен мурдагы абакчылардан алынган маектерге негизделген. Баяндамада ошондой эле эмгек лагерлери менен жаза өтөөчү мекемелер катары көрсөтүлгөн түрмөлөрдүн жандоочтон тартылган сүрөттөрү дагы тиркелген.
Авторлордун айтымында, болжолдонуп жаткан абак жайларда бүтүндөй бир үй-бүлөлөр бала-бакырасы менен камалып жатышат, ошондой эле «өзүнүн үй-бүлө мүчөлөрүнүн саясий кылмышы» үчүн кесилген улгайган адамдар да бар. Баяндамада балдарды өлтүрүү жана Кытай менен болгон чегараны мыйзамсыз кесип өтүп, кытайлыктардан боюнда болгон, андан соң Түндүк Кореяга кайрадан күч менен өткөрүлүп берилип абакка камалган аялдарды аргасыз аборт кылуу тууралуу да жазылат.
Шейшемби күнү америкалык «Түндүк Кореядагы адам укуктары боюнча АКШ комитети» өкмөттүк эмес уюму Түндүк Кореянын негиздөөчүсүнүн жүз жылдык мааракесине арналган жыйынды Вашингтондо өткөрдү. Жыйында АКШнын Түндүк Кореядагы адам укуктары боюнча элчиси Роберт Кинг сөз сүйлөдү.
«Түндүк Кореядагы адам укуктары боюнча АКШ комитети» уюмунун башчысы Роберт Коэн: «Өлкөдө өзөктүк курал эле жок болбостон, Түндүк Кореяда саясий репрессия дагы болбошу керек», - деп билдирди.
Баяндамага таянсак, лагердик система биринчи жолу Советтер Союзунда 1950-жылдары түзүлүп, кийинчерээк ГУЛАГ деген аталыш менен белгилүү болгон моделге негизделген. Бул лагерлер Советтер Союзунун жетекчилигине «башкача ойлонгондорду» жана «туура эмес саясий класстарга таандык болгон» адамдар менен тараптарды жана диний ишенимдегилерди жазалай турган кошумча рычаг болгон.
Түндүк Кореянын мамлекеттик коопсуздук органдарынын Түштүк Кореяга качып келген кызматкерлери баяндаманын авторлоруна «лагерлерде 150 миңден 200 миңге чейин киши бар» деп билдиришкен. Түндүк Кореяда 24 миллионго жакын калк жашайт. Ошондой эле баяндаманын авторлору Түндүк Кореяны «Эл аралык Кызыл чырым комитетин» өлкөгө киргизүүгө жана эмгек лагерлерин жоюуга абдан катуу чакырып өтүшкөн.
Баяндамада камак жайлардын ар кандай түрлөрү, анын ичинде кылмыш-эмгек колониялары тууралуу да жазылган. Баяндаманын авторлору ырастагандай, лагерлерде эч кандай соттук териштирүүсү жок эле өмүр бою абакка камалган саясий туткундар жатат. Саясий туткундар негизинен тоо-кен тармагында же болбосо айыл чарба ишканаларында иштешет.
Баяндаманын авторлорунун пикиринде, тикенек зым жана электр тогу өткөрүлгөн тосмолор менен тосулган жайда абакта жаткандардын түзөтүү-эмгек колониялары өлкөнүн борбордук бөлүгуүдөгү жана түндүгүндөгү тоолордо жайгашкан. Алардын айтымында, системалуу катуу мамиледен, кыйноодон, өлүм жазасынан жана жетишсиз тамактануудан улам абак жайларда өлгөндөр көп.
Ошондой эле баяндамада саясий лагерлердин географиялык жайгашкан жерлери так көрсөтүлгөн. Авторлордун айтымында, мурдагы абакчылар казармаларды жана үйлөрдү, жумушчу орундарды, ошондой эле өлүм жазасы ишке ашкан жерлерди «Google Earth» программасынын жардамы менен көрсөтүп беришкен.
Уюм «баяндаманын авторлору чыгарган жыйынтыктар 2009-жылы БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинде айтылган Түндүк Кореянын билдирүүлөрү менен карама-каршы келет»,- деп билдирди. 2009-жылы Түндүк Корея «өлкөдө саясий туткундар үчүн лагерь жок» деп  жарыялаган.
«Түндүк Кореядагы адам укуктары боюнча  АКШ комитетинин» аткаруучу директору Грег Скарлатой акыркы жылдары өлкөдөн 30 миңден ашык адам качып кеткенин билдирди. Салыштыруу үчүн айтсак, он жыл мурда өлкөдөн болгону 3 миң адам качкан. Демек Пхеньян өзүнүн саясий лагерлери тууралуу ачуу чындыкты жаап-жашыра албайт.

«Associated Press», 10-апрель, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Түндүк Кореянын ГУЛАГ
Другие материалы раздела:
Комментарии
купить машину в киргизии


Публикации Авторов:

18.10.2019
A.Saruar (LSM.kz)
Казахстан проиграл всем странам ЕАЭС во взаимной торговле

16.10.2019
"CentrAsia"
Вернут ли Жээнбеков и Трамп американскую военную базу в Кыргызстан?

15.10.2019
V.Panfilova, NG
Назарбаев убеждает, что в Казахстане лишь один президент

11.10.2019
D.Karimov (RG)
ЕАЭС расширяет зону свободной торговли

08.10.2019
"Zonakz.net"
Против кого ИГИЛ пойдет войной — против движения Талибан в Афганистане или против стран Центральной Азии?!

08.10.2019
"Kokshetau Asia"
Интеграция ЦА - альтернатива новому СССР

05.10.2019
"Lenta.ru"
Обнародован сценарий ядерной войны в 2025 году

05.10.2019
"EADaily"
В Кыргызстане рассказали, сколько стоят парламент и Генеральная прокуратура

03.10.2019
"Podrobno.uz"
Матвиенко о возможном возвращении Узбекистана в ОДКБ

03.10.2019
"Podronmo.uz"
В Узбекистане не все поддерживают вступление страны в ЕАЭС

03.10.2019
V.Panfilova, NG
Евразийский экономический союз расширится за счет Узбекистана

02.10.2019
M.Mihaylenko (DS)
Выдавить Россию. Как Китай переваривает Центральную Азию

02.10.2019
"Tengrinews"
Малахов в прямом эфире извинился перед кыргызами: "Кечирип коюнуздар"

01.10.2019
A.Khodasevich, NG
Лукашенко в поставках нефти надеется на Нур-Султан

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней