Түркмөнстандын президенти автожарышта утуп чыкты
среда, 11 апреля 2012 г. 21:05:44
Автожарышта Түркмөнстандын президенти жеңишке жетти

Ашхабад, Түркмөнстан. Түркмөнстандын авторитардык лидери президенттик шайлоодо гана жеңил жеңишке жетишпестен, автожарышта да биринчи болуп келерин далилдеди.
Ишеимби күнү эртең менен Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов автодромго бул борборазиялык өлкөдө өткөрүлүп жаткан алгачкы авто жарышына ак жол кааламакчы болуп «Bugatti» спорттук унаасы менен келди.
Спорттук иш-чаранын алып баруучусу президентке сөз бергичекти Бердымухамедов ага күтүүсүздөн Түркмөнстанда бир да киши баш тарта албай турган суроону узатты. «Мен да мелдешке катышам болобу?» - деп сурап калды ал.
Бир аздан кийин ал автодромго келген көрүүчүлөрдүн алдына унаа чабандесинин кийимин кийип чыкты жана Түркиянын өндүрүшүнөн чыгарылган жаркыраган «Volkicar» унаасына отурду, андан кийин эң чукул убакытта келгендиги менен өзүн көрсөтө алды. Спорттук иш-чаранын дикторлору «жеңүүчүнүн унаасы улуттук спорттук музейге берилет» деп айтып чыгышты. Кыязы, жарышка катышуу менен президент дагы бир жолу өзүн аракетчил киши катары көрсөткүсү келди окшойт.
2006-жылы эксцентрист президент Сапармурат Ниязов көз жумгандан кийин, бийликке Бердымухамедов келген болчу. Ал адегенде жөнөкөй стилге ыктап жаткандай көрүнгөн, бирок эл арасында анын жеке керт башына сыйынуу өзүнчө эле жомок болуп кетти. Февралда болгон президенттик шайлоодо ал 97% добуш алууга жетишкен.
Ишемби күнү өткөн спорттук иш-чарага «Bugatti» айдап келүү жөнүндөгү анын чечими шайлоо участогуна үй-бүлөсү менен чогуу минип келген анын сүйкүмдүү автоунаасынын түрүнөн ачык эле айырмаланып турат. Эске салсак, шайлоо участогуна Бердымухамедов Батышта жүдөө деп шылдыңга алып жүрүшкөн «Жигули» унаасы менен келген.
Фитнеске берилген президенттин буйругун жарыялаган өкмөт «мамлекет башчысы Түркмөнстанды спорттук державага айлантууга ниеттенип жатат» деп билдирген, ал эми унаа жарышы өз кезегинде өлкөнүн унаа спортунун атаандаштыгын өнүктүрүү аракеттеринин алгачкы карлыгачы болуп калды.
Советтер Союзу тараган 1991-жылдан кийин бөлүнүп чыккан, энергоресурстарга бай, аймагынын көбү чөлдө жайгашкан өлкө жайкы Олимпиадалык оюндарда бир да жолу медалдарга ээ боло элек.
Бердымухамедовдон мурдагы президент Ниязов жеке керт башына сыйынтканды жакшы көргөн адам болгон. Анын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн урматына шаарлар, айлар, көчөлөр, мезгилдүү басма сөз органдары жана коомдук уюмдар аталган. Ал эми Ниязов тарабынан жазылган китеп милдеттүү түрдө окутулчу.
Ниязовду «Түркмөнбашы», башкача айтканда «бардык түркмөндөрдүн атасы» деп аташса, мамлекеттик ММКлар азыркы учурда Бердымухамедовду «Аркадаг» - «түркмөндөрдүн коргоочусу» деп даңктап жатышат.

Александр Вершинин
«Associated Press», 9-апрель, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Гурбангулы Бердымухамедов автожарыш
Другие материалы раздела:
Комментарии
авто в кыргызстане


Публикации Авторов:

27.05.2020
"Nur.kz"
Букмекерские конторы перенесут в игорные зоны в Казахстане

27.05.2020
"Ferghana"
Осужденная на десять лет сестра кыргызского депутата получила убежище в Польше

27.05.2020
"Reuters"
Вопрос остановки Тенгиза из-за коронавируса не стоит -- министр энергетики Казахстана

27.05.2020
"Nezavisimaya gazeta"
В Казахстане могут появиться новые партии

23.05.2020
"Ritmeurasia"
В Минздраве Таджикистана сообщили, сколько человек вылечились от COVID-19

21.05.2020
V.Panfilova, NG
В Бишкеке может произойти олигархическая революция

19.05.2020
"Nezavisimaya gazeta"
Таджикистан поставил региональный рекорд по смертности от COVID-19

18.05.2020
"Tengrinews", KZ
"Про сезон можно забыть". Отдохнут ли летом казахстанцы на Иссык-Куле?

15.05.2020
V.Panfilova, NG
Кыргызстан могут поделить на зоны полевые командиры

12.05.2020
"Tengrinews", KZ
"Обещают повесить": консул Кыргызстана попросил защиты у МВД России - СМИ

12.05.2020
"Ъ"
Кыргызстан попросил Россию снизить цены на газ

12.05.2020
"Nezavisimaya gazeta"
Ташкент, несмотря на риски, выбрал ЕАЭС

08.05.2020
P.Leonard, EuAs
Токаев откусил кусок бутерброда Назарбаевых

04.05.2020
"Kursiv"
Какая из столиц Центральной Азии самая неудобная для пешеходов

03.05.2020
V.Panfilova, NG
Президент Казахстана лишил дочь Назарбаева поста спикера

02.05.2020
"Nezavisimaya gazeta"
Казахстан ищет выход из конституционного кризиса

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней