Ырчы, модельер жана жөн гана Гүлнара Каримова
воскресенье, 8 апреля 2012 г. 13:27:19
Өзбек президентинин кызы өзүнүн жаңы альбому чыкканын билдирди

Алма-Ата, Казакстан. Өзбекстандын авторитардык президентинин байгерчиликте жашаган кызы жакында өзүнүн жаңы музыкалык альбому чыга турганын билдирди. Өзбекстандагы мекендештеринин далайын тамшандырып, дагы бир тобуна жек көрүндү болгон Гүлнара Каримова «Twitter»ге «жаңы альбомум өз башымдан өткөргөн нерселер жөнүндө болот» деп жазып чыкты.
Гүлнара Каримованы көп учурда мурда партиялык жетекчи болуп, бир канча жылдан бери бийлик башында келе жаткан, 74 жаштагы Ислам Каримовдун болочок мураскери катары кабыл алышат. Бирок Каримовдун 39 жаштагы кызы саясатчы эмес, модалуу дизайнер жана поп-музыканын аткаруучусу болгонду жактырат көрүнөт.
Каримова альбому качан чыгаарын айткан жок, бирок анын тректеринин бири Интернетте пайда болду. «Менин бардык ырларым - бул жашоомдун ар кайсы учурлары тууралуу баяндар. Бул жолу мен трип-хоп, софт-рок жана ал тургай поп-музыка менен да тажрыйба жасап көрүүгө аракет кылдым», - деп жазды өзүнүн «Twitter»деги баракчасына англис тилинде Каримова.
Каримова «Гүлнара» деген ысым менен ырдап чыгат. Кабарларга караганда, бул ысым анын атасынын сүйүктүү ысымы болуп эсептелет. Музыкалык карьерасынын башында ал классикалык латын ыры болгон «Besame Mucho»ну испан эстрадалык ырчысы Хулио Иглесиас менен чогуу ырдап чыккан.
Өзбекстанда 28 миллион мусулман калкы жашайт. Ал ошондой эле Афганистан менен чектешип турган стратегиялык мааниси бар өлкө болуп эсептелет. Бул мамлекет жаратылыш газына, алтынга бай, ошол эле маалда дүйнө боюнча ири пахта өндүрүүчү болуп эсептелет жана булар өз кезегинде инвесторлор үчүн жагымдуу.
Өзбекстандын калкынын басымдуу бөлүгү укмуштай жакырчылыкта жашайт, ошондуктан Каримованын сөөлөттүү жашоосу көптөн бери эле катуу сынга кабылып келген болчу. Россиянын «Hello» журналынын акыркы чыгарылышында Өзбекстандын борбору Ташкентке жакын салынган Каримованын шаар сыртындагы кымбат үйү тууралуу макала басылган.
Былтыр Гүлнаранын мекениндеги балдар эмгегин пайдаланууга каршы укук коргоо топторунун нааразылык акциясынан улам Нью-Йорктогу Мода жумалыгын уюштуруучулар Каримованын коллекциясын көрсөтүүдөн баш тартышкан.
Каримованы Өзбекстанда дипломат, академик жана жакырланган аялдар менен балдардын ишине абдан көңүл буруп караган филантроп катары сыйлашканына карабай, сынчылар ал өлкөнүн баардык бизнесин зомбулук ыкмалары менен өз колуна алыш үчүн атасынын бийлигин пайдаланган деп ырасташат.

Питер Леонард
«Associated Press», 7-апрель, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Гүлнара Каримова Питер Леонард альбом
Другие материалы раздела:
Комментарии
lexus


Публикации Авторов:

11.10.2019
D.Karimov (RG)
ЕАЭС расширяет зону свободной торговли

08.10.2019
"Zonakz.net"
Против кого ИГИЛ пойдет войной — против движения Талибан в Афганистане или против стран Центральной Азии?!

08.10.2019
"Kokshetau Asia"
Интеграция ЦА - альтернатива новому СССР

05.10.2019
"Lenta.ru"
Обнародован сценарий ядерной войны в 2025 году

05.10.2019
"EADaily"
В Кыргызстане рассказали, сколько стоят парламент и Генеральная прокуратура

03.10.2019
"Podrobno.uz"
Матвиенко о возможном возвращении Узбекистана в ОДКБ

03.10.2019
"Podronmo.uz"
В Узбекистане не все поддерживают вступление страны в ЕАЭС

03.10.2019
V.Panfilova, NG
Евразийский экономический союз расширится за счет Узбекистана

02.10.2019
M.Mihaylenko (DS)
Выдавить Россию. Как Китай переваривает Центральную Азию

02.10.2019
"Tengrinews"
Малахов в прямом эфире извинился перед кыргызами: "Кечирип коюнуздар"

01.10.2019
A.Khodasevich, NG
Лукашенко в поставках нефти надеется на Нур-Султан

30.09.2019
K.Aysin (VM)
Лингвист усмотрел оскорбление народа и призыв к коррупции в словах Малахова

30.09.2019
"SNG.Tofay"
Глава МИД Узбекистана призвал взглянуть на Центральную Азию по-другому

27.09.2019
A.Petrov (RG)
Москва - Бишкеку

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней