Сириядагы чыр-чатактын көлөкөсү Ливанга түшүп жатат
суббота, 31 марта 2012 г. 16:14:12
«Эгерде бул аймакта жарандык согуш чыкса, анда ал так ушул жерден башталат»

Сириядагы көтөрүлүштөр акырындап Ливанга да өтүп жатат. Алавиттерди жек көрүү ачык эле көрүнүп калды.
Жер ортолук деңиз тараптан катуу батыш шамалы согуп, толкундар күр-шар түшүп жээкке урунуп жатат, ал эми анча алыс эмес жерде жайгашкан порттон Джамиль Сафие Ливан товарларын жүктөөгө жардам берди, андан соң чоң шаарлардан алыс жайгашкан араб райондоруна келдик. Жөнөкөй кафеде олтуруп, ал Сириядагы окуялар таасир этип жаткан Ливандагы азыркы жагдайды сүрөттөп берди.
Ал: «Сириядагы көтөрүлүшкө чейин баары жакшы эле болчу. Дүйнөлүк экономикалык кризис бизге таасир эткен эмес. Жергиликтүү соода жакшы жүрүп жаткан. Бирок былтыр Сириядагы тололоңдордон улам, Сирия аркылуу Иракка, Сауд Арабиясына жана Перс булуңунун өлкөлөрүнө кете турган товарлар кескин азайып кетти. Түркиядан төө буурчак, чечевица жана кийим-кече келбей калды», - деп ырастады.
Ал санкциялар өз акчасын ливан банкына сактаган сириялык көпөстөрдү андан баш тартууга жана болгон акчасын кап-кап кылып чегарадан тышкары алып кетүүгө аргасыз кылганын белгилейт. Анын көз карашында сириялык фунттун арзандашы, сириялыктар бул жакка мындан ары келе албайт деген маанини түшүндүрөт.
«Сирияга арзан кийим-кече менен азык-түлүк үчүн барып жүргөн ливандыктар эми согуштук иш-аракеттердин, барымтанын, каракчылыктын жана киши өлтүрүүнүн айынан ал жакка бара алышпайт. Сирия электр энергиясын, мунайды жана газды сатууну токтотту, ошол себептүү электр энергиясы эки эсе кымбаттады. Электр күнүгө сегиз сааттан өчүрүлө баштады. Газ эки эсе кымбаттады. Кыймылсыз мүлк 15 пайызга арзандады. Акчасы бар сириялыктар бул жактан жана Бейруттан квартирларды сатып алып жатышат. Жумушсуздуктун деңгээли өстү. Жагдай абдан жаман, акча жок, ишкерлик кылууга да мүмкүндүк жок», - дейт ал.
Анын айтымында, учурда Триполиде сунниттер менен шииттердин жана алавиттердин ортодоксалдуу эмес коомдорунун ортосундагы мамиле жакшы эле. Ал ошондой эле: «Биздин алар менен маселебиз жок. Алар менен 1930-жылдардан бери, тактап айтканда, алар биздин өлкөнүн жарандары болуп калгандан бери бирге жашайбыз. Тарыхка кайрылсак, сунниттер түпкү теги сириялык алавиттерди үй кызматчы жана кен казуучу катары жалдашкан, бирок бара-бара алардын абалы жакшырган. Биз азыр чогуу иштейбиз, өз ара үйлөнгөндөр бар», - деп кошумчалайт.
Бирок 2005-жылы Ливанда мурдагы өкмөт башчысы Рафик Харири өлтүрүлгөндөн кийин Триполиде Сауд Арабиясы колдоого алган согушчан салафиттер пайда болгон. Азыркы учурда Рафиктин уулу Харири Саад башчылык кылган «Келечекке кыймыл» партиясы Сирияга каршы саясат жүргүзүп жатат. Сафие ошондой эле «көпчүлүк алавиттерди сириялык режимдин тыңчылары деп эсептешет» деп белгиледи.
«Эл ар тараптан келечек үчүн демонстрацияларга чыгып жатат. Аккар деген сыяктуу жерден келген жакыр адамдар Триполиге өтүп келишүүдө. Алардын колунда акча, баңгизаттар жана курал-жарактар бар. Жарандык согушту көрбөгөн жаштар согушууга даяр. Эгерде бул аймакта жарандык согуш чыга турган болсо, анда так ушул жерде - Ливанда, андан соң анан Сирияда башталат, себеби бул жерде ал үчүн баарын жасай турган адамдар бар. Триполи бул фронттун линиясы», - дейт ал.
Сафие христиан-марониттерден чыккан мурдагы талаа командири Самир Гиагианы, салафиттерди, Сауд Арабиясын жана «Келечек кыймылын» ошол себептен улам күнөөлөйт. Ал ошондой эле, бактыга карай тынчтыкты сакташ үчүн баарын жасоого даяр болгон христиан-марониттердин патриархы Бешара аль-Рай сыяктуу адамдар дагы бар экенин айтат.
Сафиенин айтымында, фракция армиянын көзөмөлү астында, ал эми жергиликтүү алавиттер уюшкандыкта турат жана алардын колунда курал бар. «Хизбалла» туруктуулукту сактоого аракет кылууда. Сафиенин пикиринде, жарандык согуш салафиттер бирикпегендиктен эле башталбай турат. «Алар алавиттер менен кармашуудан мурда бири-бири менен тытышмакчы», - дейт ал.

Майкл Дженсен
«Irish Times», 29-март, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Сирия Ливан Майкл Дженсен
Другие материалы раздела:
Комментарии
машины


Публикации Авторов:

24.02.2020
"Zakon.kz"
Казахстан пожалуется на Кыргызстан в ВТО

24.02.2020
"Eurasianet.org"
Туркменистан: маскируя реальность - обзор событий

24.02.2020
A.Yuldashev (A+)
Бишкек и Душанбе договорились обменяться 23 гектарами земли

23.02.2020
“Review.uz”
Узбекистан разместит у себя серверы Google, Facebook и Yandex

21.02.2020
"UzReport.uz"
Сингапурская компания предложила Ташкенту сотрудничество по переработке отходов

21.02.2020
V.Panfilova, NG
Кыргызы вытолкали из страны китайского инвестора

19.02.2020
V.Panfilova, NG
Таджики объявили своей Баткенскую область

17.02.2020
"Zakon.kz"
В Узбекистане признали, что мирных жителей в Андижане расстреляли правительственные войска

17.02.2020
"Asia plus"
Жители села Сомониён: «Если отдадим наше село, Чоркух высохнет»

13.02.2020
G.Ivanova (Iz)
Свято место: почему США возвращаются в Центральную Азию

13.02.2020
"Eurasia.expert"
ЕАБР профинансирует масштабный инфраструктурный проект в Казахстане

12.02.2020
V.Panfilova, NG
Туркменистан укрепляет границу с Афганистаном

11.02.2020
"Nezavisimaya gazeta"
К-Т. Токаев уволил силовиков

10.02.2020
V.Panfilova, NG
Погромы в Казахстане покрывали госорганы

06.02.2020
V.Panfilova, NG
Душанбе не спешит в Евразийский союз

06.02.2020
"RIA Novosti"
В Москве умер сын экс-президента Кыргызстана, сообщили СМИ

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней