Сириядагы жагдай БУУну катуу тынчсыздандырууда
среда, 28 марта 2012 г. 17:12:16
БУУнун башчысынын айтымында, Сириядагы башаламандыктар дүйнөлүк кесепеттерге алып келиши мүмкүн

Бейрут. «Аль-Каида» менен байланышы бар уюм Сириянын борборунда бир аз мурда болгон эки террористтик актыга жоопкерчилик алгандан кийин БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун шаршемби күнү «Сириядагы абдан коркунучтуу чыр-чатак дүйнөлүк кесепеттерге алып келиши мүмкүн» деп билдирди.
Бир жыл мурда башталган элдик көтөрүлүш жай ыргакта экенине карабай, акырындап куралдуу көтөрүлүшкө айлана баштады жана өлкөнү жарандык согушка түртүп жатат. Сириянын Иран менен жана ливандык «Хезболла» согушчан тобу менен тыгыз кызматташтыгынан улам, айрыкча башка мамлекеттер бул өлкөгө өз аскерин жиберип же болбосо козголоңчулар да куралдана баштаса зомбулук Сириянын чегинен тышкары таркап кетиши мүмкүн деп кооптонгондор көбөйүп жатат.
«Биз окуялар мындан ары кандай өнүгөөрүн билбейбиз. Бирок биз бул терең жана абдан коркунучтуу кризисти жөнгө салыш үчүн күч жумшашыбыз керек экенин билебиз. Эгерде андай кылбасак, бул кырдаал бүткүл дүйнөгө жана аймакка массалык кесепеттерди алып келет», - деп билдирди Пан Ги Мун Индонезиянын Джакарта шаарында чыгып сүйлөгөн сөзүндө.
Сириянын армиясынан качып кетишкен миңдеген аскерден турган козголоңчу Сириянын эркин армиясы режимге чакырык таштай турган күчтүү куралдуу топ болуп эсептелет, бирок анын колунда жетишерлик курал-жарак жок жана анын аскерлери уюшулган эмес.
Ошого карабай, оппозициялык күчтөрдү куралдандыруу тууралуу маселени ачык талкуулаган кээ бир өлкөлөр: «Өз аракеттерибиз менен артык кылабыз деп атып чатакты ого бетер жаман жагына айландырып ийбейбизби?» деп тынчсызданууда. БУУнун берген маалыматына таянсак, Сирияда көтөрүлүш башталгандан бери 8 миңден ашык киши курман болду.
Сириянын борбору Дамаски шаарындагы өкмөттүк күчтөрдүн имаратынын жанында жана түндүктө жайгашкан Алеппо шаарында болгон жардыруулар сириялык режимге каршы чыгып жаткан Сирия элинин нааразылыгын ого бетер күчөттү.
Америкалык аткаминерлер өкмөткө каршы кыймылга өлкөдө башаламандык үрөнүн себүүгө аракет кылып келген «Аль-Каиданын» согушчандары да кошулду деп болжоп жатышат. Шаршемби күнү террорчулардын веб-сайтында жарык көргөн билдирүүдө «Леванта Аль-Нусраны коргоо фронту» деп аталган исламдык топ Дамаскиде ишемби күнү болгон эки жарылууга жоопкерчилик алганы жазылат. Сириянын мамлекеттик маалымат агентигинин кабарламасына таянсак, чалгын аба күчтөрүнүн жана өлкөнүн коопсуздук башкармалыгынын имараттарынын жанында болгон эки жарылуунун айынан эң аз дегенде 27 киши курман болду.
«Associated Press» «кол салуулар сириялык режимдин оппозициялык Хомс, Идлиб, Хама жана Дараа шаарларынын карапайым калк жашаган райондорунун аткыланышына жооп болду » деген шаршемби күнкү билдирүүнүн чын-төгүнүн тактай алган жок.
«Аль-Нусра фронту» террорчу тобунун билдирүүсүндө: «Биз режимге айтып жатабыз – сунниттерге кыргын салууну токтоткула, антпесеңер силер алавиттердин өлүмүнө жоопкер болуп каласыңар. Келечек мындан да аябай эле ачуу жана оор болот жана бул үчүн бизге Кудай жардам бермекчи», - деп айтылат. Мындан тышкары, топ буга чейин болгон жардырууларга жоопкерчилик алды.
«Аль-Каиданын» Сириядагы окуяларга катышуусу элдик көтөрүлүш учурунда бир нече жолу от алган диний касташуулардын чырагына май тамызышы мүмкүн. «Аль-Каиданын» жактоочулары негизинен экстремист-сунниттер. Сириянын аскердик-саясий жетекчилигинин басымдуу бөлүгү Ассад жана өлкөнүн башкаруучу элитасы ишеним тутунган шииттик исламдын бир бутагы болгон алавит азчылык сектасынын мүчөлөрүнөн турат. Сирияда 22 миллионго жакын калк жашайт жана өлкөнүн басымдуу бөлүгү сунниттер. Ал эми оппозициянын негизин дагы сунниттер түзөт.
Сириялык көтөрүлүш былтыр жазында өкмөткө каршы нааразылык акцияларынын негизинде башталган. Бирок режим акцияны басыш үчүн катуу чара көрүп, ырайымсыздык менен демонстранттарды аткан. Ассад «козголоңду террористтер жана чет элдик элементтер уюштуруп жатат» деп ырастоо менен репрессияны актап жаткан учуру.

Элизабет Кеннеди
«Associated Press», 22-март, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Сирия БУУ Элизабет Кеннеди
Другие материалы раздела:
Комментарии
автогид кыргызстан


Публикации Авторов:

11.10.2019
D.Karimov (RG)
ЕАЭС расширяет зону свободной торговли

08.10.2019
"Zonakz.net"
Против кого ИГИЛ пойдет войной — против движения Талибан в Афганистане или против стран Центральной Азии?!

08.10.2019
"Kokshetau Asia"
Интеграция ЦА - альтернатива новому СССР

05.10.2019
"Lenta.ru"
Обнародован сценарий ядерной войны в 2025 году

05.10.2019
"EADaily"
В Кыргызстане рассказали, сколько стоят парламент и Генеральная прокуратура

03.10.2019
"Podrobno.uz"
Матвиенко о возможном возвращении Узбекистана в ОДКБ

03.10.2019
"Podronmo.uz"
В Узбекистане не все поддерживают вступление страны в ЕАЭС

03.10.2019
V.Panfilova, NG
Евразийский экономический союз расширится за счет Узбекистана

02.10.2019
M.Mihaylenko (DS)
Выдавить Россию. Как Китай переваривает Центральную Азию

02.10.2019
"Tengrinews"
Малахов в прямом эфире извинился перед кыргызами: "Кечирип коюнуздар"

01.10.2019
A.Khodasevich, NG
Лукашенко в поставках нефти надеется на Нур-Султан

30.09.2019
K.Aysin (VM)
Лингвист усмотрел оскорбление народа и призыв к коррупции в словах Малахова

30.09.2019
"SNG.Tofay"
Глава МИД Узбекистана призвал взглянуть на Центральную Азию по-другому

27.09.2019
A.Petrov (RG)
Москва - Бишкеку

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней