Спорттук иш-чаранын уюштуруучулары Казакстанга одоно мамиле кылып алышты
вторник, 27 марта 2012 г. 16:42:35
Спорттук сыйлык тапшыруу учурунда аткарылган «Борат» фильминдеги Казакстандын гимни Казакстандын кыжырына тийди

Москва. Казакстан эл аралык спорттук иш-чарада сыйлык тапшыруу учурунда ырдалган өз өлкөсүнүн гимнинин пародиясын «чуулган» деп баалап, жагдайды териштирүүнү талап кылды.
Бейшемби күнү Кувейтте болгон ок атуу боюнча чемпионатта казакстандык спортчу кыз Мария Дмитриенко алтын медаль утуп алган. Сыйлык тапшыруу салтанатында 2006-жылы тартылып, тасманын автору көпчүлүк казактарды шылдыңга алган «Борат» тасмасындагы Казакстандын гимни ойнолгон.
Казакстандын тышкы иштер министринин басма сөз катчысы Ильяс Омаров ИТАР-ТАССка «бул окуя албетте, чуулгандуу окуя болуп эсептелет, мен тыкыр иликтөөнү талап кылам жана аны жүргүзөбүз» деп билдирди.
ИТАР-ТАСС маалымат агенттиги команданын мүчөсү Оксана Ставицкойдун «Ок атуу боюнча Азия федерациясынын президенти шейх Салман аль-Сабах командадан өзү кечирим сурады», - деген сөзүн цитата келтирген.
Ставицкой: «Шейх Салман бизден жеке өзү кечирим сурады. Ал Казакстан Республикасынын гимнинин ордуна чуулгандуу тасманын музыкасынын пайдаланылышы спорттук иш-чаранын уюштуруучуларынын катасы экендигин мойнуна алды. Ал сыйлык тапшыруу салтанаты үчүн келишим боюнча иштеп жаткан фирма жоопкерчилик алганын түшүндүрдү», - деп билдирген.
Казактардын «Тенгри» маалымат агенттиги машыктыруучу Анвар Йунусметовдун «турнирдин уюштуруучулары ар түрдүү өлкөлөрдүн гимнин Интернеттен жүктөгөн» деген сөзүн жарыялады.
Кувейттин мамлекеттик маалымат агенттигинде жарыяланган билдирүүдө Кувейтте өткөн иш-чаранын уюштуруучулары ишемби күнү кечинде казак делегациясынан сыйлык тапшыруу учурунда аткарылган гимнди атайылап жасаган жокпуз деген таризде кечирим сурашканы да айтылат.
Уюштуруу комитетинин билдирүүсүндө ката түзөтүлүп, Казакстан Республикасынын гимни кайрадан аткарылганы да айтылат. Комитет кетирилген ката үчүн «абдан өкүнүп» жатканын жана эки мамлекеттин спорт чөйрөсүнүн ортосундагы мамилелер мурдагыдай эле күчтүү экендигин ырастады.

«Associated Press», 25-март, 2012-жыл
Котормо –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Казакстан Борат
Другие материалы раздела:
Комментарии
авто бишкек рынок


Публикации Авторов:

15.10.2019
V.Panfilova, NG
Назарбаев убеждает, что в Казахстане лишь один президент

11.10.2019
D.Karimov (RG)
ЕАЭС расширяет зону свободной торговли

08.10.2019
"Zonakz.net"
Против кого ИГИЛ пойдет войной — против движения Талибан в Афганистане или против стран Центральной Азии?!

08.10.2019
"Kokshetau Asia"
Интеграция ЦА - альтернатива новому СССР

05.10.2019
"Lenta.ru"
Обнародован сценарий ядерной войны в 2025 году

05.10.2019
"EADaily"
В Кыргызстане рассказали, сколько стоят парламент и Генеральная прокуратура

03.10.2019
"Podrobno.uz"
Матвиенко о возможном возвращении Узбекистана в ОДКБ

03.10.2019
"Podronmo.uz"
В Узбекистане не все поддерживают вступление страны в ЕАЭС

03.10.2019
V.Panfilova, NG
Евразийский экономический союз расширится за счет Узбекистана

02.10.2019
M.Mihaylenko (DS)
Выдавить Россию. Как Китай переваривает Центральную Азию

02.10.2019
"Tengrinews"
Малахов в прямом эфире извинился перед кыргызами: "Кечирип коюнуздар"

01.10.2019
A.Khodasevich, NG
Лукашенко в поставках нефти надеется на Нур-Султан

30.09.2019
K.Aysin (VM)
Лингвист усмотрел оскорбление народа и призыв к коррупции в словах Малахова

30.09.2019
"SNG.Tofay"
Глава МИД Узбекистана призвал взглянуть на Центральную Азию по-другому

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней