Францияда террорчу балдарга кол салды
суббота, 24 марта 2012 г. 11:41:11
Франция кайгы менен коркунучтун астында калды

Кечээ Францияда Тулузадагы еврей мектебине куралдуу адам кол салып, анын жыйынтыгында бир мугалим жана үч окуучу өлтүрүлгөндөн кийин кылмышкерди издөө жарыяланды.
Франциянын калкы башына мотоциклчинин шлемин кийип келип, анан кубаттуу скутер менен качып кеткен жигиттин кичинекей балдарды өлтүргөндөгү таш боордугуна таң калып эсин жыйнай албай турган кези. Мугалим менен балдарды өлтүрүлгөн куралдан өткөн аптада Тулуз районунда үч француз жоокери мерт болгон болчу.
Кечээки курмандыктар - 30 жаштагы мугалим, үч жана алты жаштагы эки бала жана сегиз жаштагы кыз. Иликтөөчүлөр коопсуздук камерасына тартылып калган видеодон алар киши өлтүргүч корккон кыздын артынан кубалап барып аны башка атканын көрүшкөнүн айтышты.
Өткөн аптадагыдай дагы бир кылмыш жасап жибере элегинде киши өлтүргүчтү кармаш үчүн Франциянын баардык коопсуздук кызматтары түп көтөрүлдү. Издөө иштери терроризм менен күрөшүү боюнча отряддын көзөмөлүнө өткөрүлүп берилгенине карабай, иликтөөчүлөр «киши өлтүргүч исламдын же расизмдин абдан кескин көз караштарына сугарылган оорулуу адам болушу мүмкүн» деп болжоп жатышат.
Өткөн аптада Тулузада жана Монтабанда атылган үч аскер тең түпкү теги түндүк африкалык аскерлер эле. Кечээ болгон кол салуу эртең менен балдар бала бакчага бара жаткан кезде, саат 8де Тулузанын чет жагындагы Джолимон районундагы еврей мектебинде болгон.
Окуянын күбөлөрү куралданган капкара кийимчен адамды көрүшкөнүн, ал адегенде мугалим менен эки баланы атып, андан кийин «Озар-Хатора» еврей мектебинин алдында турган балдарды аткылай баштаганын айтышты. Биринчи тапанча атылбай калган соң киши өлтүргүч ошол эле калибрдеги башка тапанчаны сууруп чыгып, мектептин алдыдагы калган балдарды кубалай баштаган. Иликтөөчүлөрдүн пикиринде, бул тапанча өткөн аптада өлтүрүлгөн үч аскерди аткан тапанчанын калибрине окшош. Кээ бир балдар оор жаракат алышкан, дагы бир 17 жаштагы бала оор абалда жатат.
Алеан аттуу күбө француз телевидениесине: «Ал башаламан аткылаган жок. Мен куралчан адам балдардын жанына кандай басып келип курал такап, анан аларды башка атканын көрдүм. Бир аз кийинчерээк калган балдарды мектепке чейин кубалап кетти», - деп айтты. 25 миңдик еврей коомунун балдары окуган мектепте иштеген Франк Халифа атуу мугалим: «Мен ыйымды токтото албай жатам. Башка эч нерсе айта албайм. Мен шок болуп турам», - деп көз жашын көл кылды.
Окуя болгон жерге барган Франциянын президенти Николя Саркози киши өлтүрүүнү абдан «коркунучтуу улуттук трагедия» деп атап, баардык француз мектептерине бүгүн эртең менен курман болгондорду эскерип аза күтүү мүнөтүн жарыялоого буйрук берди. «Муну ким жасабасын биз аны таап чыгууга баардык иштерди жасаарыбызды билүүгө тийиш. Варварчылыкка, жапайычылыкка жана таш боордукка орун жок. Биздин өлкөгө мындай нерсенин алы жетпейт. Алы жетпейт», - деп айтты Саркози.
Кол салуу Николя Саркози улуттук идентификация менен иммиграцияга өзгөчө көңүл буруп жаткан президенттик өнөктүк учурунда болду. Социалисттик партиянын атынан талапкер болуп жаткан Франсуа Холланд өзүнүн өнөктүгүн токтотуп, еврей коомчулугуна тилектештигин билдиргени Тулузага жөнөдү.
Саркози Франциянын ички иштер министри Клод Геанга «киши өлтүргүч табылмайын Тулузадан кайтпасың» деп буйрук берди. Геан «өткөн аптада Тулузадагы жана Монтабандагы биздин аскерлерге кол салуу менен дүйшөмбү күнү эртең менен болгон балдарга коркунучтуу кол салуунун ортосунда абдан таң калаардык окшоштук бар», - деп билдирди. Франциянын ички коопсуздук кызматынын миңдеген детективдери менен агенттерине башка иштерди жыйыштырып, бардык көңүлдү куралдуу кишини кармоого буруу тапшырылды.
Үч кол салууда тең куралдуу кылмышкер мотоциклди же скутерди пайдаланган. Ал бардык учурда кара кийинип жүргөн. Өткөн дүйшөмбүдө жана бейшембиде болгон эки кол салууда ал америкалык өндүрүштөн чыккан 11,43 мм. калибриндеги эски револьверди пайдаланган. Кечээ өлтүрүү болгон жерде табылган гильзалар  дагы 11,43 мм калибринде болуп чыкты. Калган гильзалар 9 мм. калибрдеги тапанчаныкы экендиги аныкталды.
Өткөн аптада Тулузада болуп өткөн окуяда киши өлтүргүч курмандыгын алдап өзүнө таркан. Ал сатыкка коюлган мотоциклге кызыгып аны көргөнү келгенде ок атылган. Монтабанда бейшембиде болгон кол салууда киши өлтүргүч банкоматтан акча алып жаткан формачан үч десантчыны таламандын тал түшүндө эле атып салган. Мерт болгон үч аскердин теги түндүк африкалыктар эле. Франциялык Вест-Индиядан келген төртүнчү жабыркаган кара түстөгү киши дагы эле комада жатат.
Иликтөөчүлөрдүн пикиринде биринчи кол салуу Афганистандагы согушка француз аскерлери катышып жатышына байланыштуу болушу мүмкүн. Кечээ күнгө чейин полициялар эки теорияны айтып келишкен. Биринчи теория боюнча киши өлтүргүч «өзгөчө расисттик көз караштагы жалгыз аракеттенген акылынан айныган адам», ал эми экинчиси боюнча, анын француз армиясына таарынычы болушу мүмкүн.

Шаардын профили: маданий аралашуу
Франциянын түштүк-батышында, Пиренейден түндүктө жайгашкан Тулуза шаары өзүнүн кирпич коюудагы өзгөчөлөнгөн күлгүн өңү үчүн «Ville Rose» («Розалар вилласы») деген ат менен белгилүү. Бул маданий жана интеллектуалдык тарыхка бай космополиттик шаар Францияда Парижден кийин студенттердин саны боюнча экинчи орунда турат жана калкы маданий, улуттук жактан ар түрдүү. Францияда батыш Европа боюнча эң чоң еврей коомчулугу 500 миңге жакын еврей, ошондой эле эң ири мусулман калкы - беш миллионго жакын мусулмандар жашайт.
«Озар-Хатора» мектеп түйүнүн президенти Жан-Поля Амойеланын айтымында, 44 миң калкы бар Тулузада 10-15 миңдин тегерегинде еврейлер бар. Ал ошондой эле  Тулузадагы еврей коомчулугу ынтымактуу экенин айтты.

Дженни Стивенс
«Independent», 20-март, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Франция Тулуза коркунуч
Другие материалы раздела:
Комментарии
куплю авто в киргизии


Публикации Авторов:

11.10.2019
D.Karimov (RG)
ЕАЭС расширяет зону свободной торговли

08.10.2019
"Zonakz.net"
Против кого ИГИЛ пойдет войной — против движения Талибан в Афганистане или против стран Центральной Азии?!

08.10.2019
"Kokshetau Asia"
Интеграция ЦА - альтернатива новому СССР

05.10.2019
"Lenta.ru"
Обнародован сценарий ядерной войны в 2025 году

05.10.2019
"EADaily"
В Кыргызстане рассказали, сколько стоят парламент и Генеральная прокуратура

03.10.2019
"Podrobno.uz"
Матвиенко о возможном возвращении Узбекистана в ОДКБ

03.10.2019
"Podronmo.uz"
В Узбекистане не все поддерживают вступление страны в ЕАЭС

03.10.2019
V.Panfilova, NG
Евразийский экономический союз расширится за счет Узбекистана

02.10.2019
M.Mihaylenko (DS)
Выдавить Россию. Как Китай переваривает Центральную Азию

02.10.2019
"Tengrinews"
Малахов в прямом эфире извинился перед кыргызами: "Кечирип коюнуздар"

01.10.2019
A.Khodasevich, NG
Лукашенко в поставках нефти надеется на Нур-Султан

30.09.2019
K.Aysin (VM)
Лингвист усмотрел оскорбление народа и призыв к коррупции в словах Малахова

30.09.2019
"SNG.Tofay"
Глава МИД Узбекистана призвал взглянуть на Центральную Азию по-другому

27.09.2019
A.Petrov (RG)
Москва - Бишкеку

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней