Дүйнөнүн эң жаш миллиардерлери
суббота, 10 марта 2012 г. 14:35:14
Эх, жаш десең жаш, бай десең бай!

Карлос Слимдин, Билл Гейтстин жана Уоррен Баффеттин канча акчасы болбосун, алар эч сатып ала албай турган бир нерсе бар - ал жаштык. Акчаны да, убакытты да багындырган элитанын айрым өкүлдөрү бар - алар 20-30да экенине карабай, өмүр бою жеткидей акча топтогон же аны мурастап калган жаштар.
«Facebook»тун үчүнчү негиздөөчүсү, 27 жаштагы Дастин Московитц дүйнөдөгү эң жаш миллиардер болуп эсептелет. Ал «Facebook»тун негиздөөчүсү, андан болгону сегиз күн гана улуу Марк Цукерберг менен коңшу бөлмөдө жашаган. Экөө Гарвардды таштап Силикон өрөөнүнө жаңы социалдык түйүндү түзүш үчүн чогуу келишкен эле. Азыр дүйнөдөгү эң жаш эки миллиардердин байлыгын ого бетер көбөйткөнгө «Facebook»тун күчү жетип турган чак.
Московитц да, Цукерберг да байлык аларды таптакыр өзгөртүүсүн каалашкан эмес окшойт. Московитц кабар алмашууну программалык жактан камсыз кыла турган «Asana» компаниясын түзүш үчүн 2008-жылы «Facebook»тан кеткен болчу. Жумушуна көп учурда мотоцикл менен келип, ошол эле маалда коммерциялык класстагы учак менен учкан Московитц байлык анын жашоо образын эч кандай деле өзгөртпөгөнүн айтат. «Мен акча тууралуу тынчсызданганга көнүп калганмын. Мен акчаны ата-энемден алчумун. Мен ушул кезге чейин кээ бир себептерге байланышту ошолордон акча алам», - дейт ал.
«Facebook»тун башчысы Цукерберг эксцентрист бойдон калган. Ал Ньюарк менен Нью-Джерсинин мектептерине 100 млн. доллар берүүнү убада кылып, 2011-жылы өзү сойгон жаныбарларын эти менен тамактанып чыкты. Учурда «Palo Alto»дон салыштырмалуу арзан үй алып, анда сүйлөшкөн кызы Присцилла Чан менен чогуу жашайт.
Ошондой эле эң бай жана жаш он миллиардердин арасында 30 жаштагы Эдуардо Саверин да бар. Ал Цукербергдин жардамы менен сценарийин түзгөн «Социалдык түйүндөр» тасмасын таркан. Соттук процесстен кийин Саверин «Facebook»тун 5 пайызына ээ болуп, ал тургай миллиардерлердин катарына кошулду. Дагы бир миллиардер, «Napster» музыкалык-пираттык сайтын түзгөндөрдүн бири жана «Facebook»тун мурдагы президенти Шин Паркер да болгону 31 жашта. Ал «Facebook»ту таштап, онлайн-музыка боюнча кезектеги ири долбоор - «Spotify» долбоорун иштештүүгө өттү.
Эң жаш жыйырма миллиардердин ичинде кыз-келиндерден болгону экөө гана бар, экөө тең өз алдынча империя курбастан, акчаны мураска алышкан. 34 жаштагы Ивонна Бауэр өзүнүн үй-бүлөсүндө 1875-жылы негизделген немис басма компаниясына башкаруучу болгон бешинчи муундун өкүлү. Ага атасы мурастап берген 1,7 млрд. долларлык ишкана дүйнөнүн 15 өлкөсүнө, анын ичинде АКШ, Мексика, Россия жана Кытай өңдүү мамлекеттерде журнал басып чыгарат. 30 жаштагы Янг Хуийань - Кытайдагы ири курулуш компаниясы болгон Гуаньчжоудагы «Country Garden Holdings» компаниясынын негизги акционери. Янгдын атасы, компаниянын төрагасы Енг Квок Кеунг өз капиталын кызына бергенден кийин бул компания 2007-жылы Гонконгдо да таанымал болду. Янг Огайо университетин «Маркетинг жана логистика» адистиги боюнча бүтүргөн, бирок эл алдына сейрек чыгат.
Бауэрге кошумча дагы үч жаш миллиардердин атын атасак болот. «Apple»дин мурдагы инженери 34 жаштагы Роберт Пера жаңыдан өнүгүп келаткан базарларда интернет-пайдалануучуларды Интернетке кирүүдөгү ынгайлуу шарттар менен камсыздоо максатында бул компанияны таштаган. Пера: ««Apple» - улуу компания, бирок мен тезирээк ийгиликке жетким келгенин түшүндүм»,- деген эле. Алты жыл өтүп, ал түзгөн «Ubiquiti Networks» компаниясы 2011-жылы октябрда белгилүү болгон соң Пера миллиардерлердин катарына кошулду.
35 жаштагы жаңы миллиардер Максим Ноготков да компьтерлер дүйнөсүнөн чыккандардын бири. Ал мектепте жүргөндө эле уюлдук телефондор менен компьютердик программаларды сатып, өз бизнесине көбүрөөк убакыт бөлүш үчүн колледжден чыгып кеткен. 2000-жылы ал уюлдук телефондорду дүңүнөн сатууну баштап, кийинчерээк «Связной» деп аталган телефондорду чекене сата турган компанияны негиздеген. Азыр бул компания Россияда телефондорду чекене сата турган экинчи ири компания болуп саналат.
36 жаштагы Чейз Коулмен хедж фонддору боюнча эң эле жаш магнат болуу менен Джон Арнолдду басып өттү. Коулмен Нью-Йоркогу эң акыркы голланд губернатору Питер Стайвезанттын түз тукуму болуп эсептелет жана акча кармап чоңоюп, 6 млрд. доллар активи бар «Tiger Global» хедж фондунун башчысы болуп туруп жеке капиталын түзгөн. Легендарлуу инвестор Джулиан Робертсондун жетегинде жүрүп «Уильямс» колледжинин бүтүрүүчүсү 2001-жылы өз алдынча иштей баштаган жана атактуу «Apple» менен «Priceline» компанияларынын, ошондой эле «Facebook»  менен «LinkedIn»дин акциялары аркылуу байыган.
Жалпылап айтканда - булар бай жана таң каларлык жаштар. Жыйырма жаш миллиардерлердин фото сүрөттөрүн бул шилтеме аркылуу көрсөңүз болот.
http://www.forbes.com/pictures/eimh45lhg/no-1-dustin-moskovitz/#gallerycontent

Брайан Соломон
«Forbes», 9-март,2012 –жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Дүйнөнүн эң жаш миллиардерлери
Другие материалы раздела:
Комментарии
opel


Публикации Авторов:

12.12.2019
P.Leonard, EuAs
Узбекистан: выборы оживились, но выбор ограничен

11.12.2019
"Platon.Asia"
Порт Актау присоединится к Региональному форуму по торговле и транспорту

11.12.2019
"Finance.kz"
Кыргызстан демонстрирует один из самых высоких темпов развития в ЕАЭС

10.12.2019
"Nezavisimaya gazeta"
Нур-Султан освободит немецкий бизнес от налогов

07.12.2019
V.Panfilova, NG
Президент Таджикистана готовит себе преемника

03.12.2019
"Vedomosti Kazakhstana"
Транзит Касым-Жомарта, Шавката и Сооронбая: «сегунат», выход из-под контроля и борьба со спецслужбами

02.12.2019
"Tengrinews", KZ
Иностранный олигарх "спонсировал" политиков из Казахстана - СМИ

29.11.2019
F.Vakilov (Trd)
Узбекистан - "Открытие года" по версии National Geographic Traveler

28.11.2019
V.Panfilova, NG
Казахстанский бизнес укрепляется в Кыргызстане

27.11.2019
"Express-k.kz"
Казахстан – единственный в мире экспортер осмия, самого дорогого металла в мире

27.11.2019
К.Карабеков, К.Кривошеев, Ъ
Кыргызская таможня перешла все границы

25.11.2019
"Haqqin.az"
Кыргызы протестуют против коррупции

25.11.2019
"Eurasia.expert"
Армения и Казахстан упростят миграционный режим

25.11.2019
V.Panfilova (NG)
Президенту Кыргызстана грозят импичментом

21.11.2019
"Vesti.uz"
Из Узбекистана активнее других выезжают казахи

20.11.2019
"Cabar.asia"
«Противоречит национальному менталитету». Почему узбекские артисты уезжают за границу?

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней