Кыргызстандагы бактылуу бир күн
четверг, 1 марта 2012 г. 23:05:08
Кыргызстандагы боз үйдө жашоо

Кыргызстандын тоолоруна саякат жасаган учурда мен жарым-жартылай көчмөн элге жолуктум жана бул борборазиялык өлкөнүн кооз тоолуу пейзажын көрүп кыргыз элинин атагы чыккан меймандостугу менен кеңири тааныштым.
Аталган өлкөнүн 93%дан ашыгы деңиз деңгээлинен 1000 метр бийиктикте жайгашкан жана мал чарбачылыгы менен жылкы өстүрүү Кыргызстандын маданиятынын маанилүү бөлүгү болуп саналат. Бул жерде борбордук Кыргызстандын тоолорунда атчан адам бааланат, ал эми эшекчен жүргөн адам мындайча айтканда экинчи орунда.
Эл салттуу болуп калган жашоосун улантып кой-эчкилери менен жайкысын жайлоого чыгат. Чыңгыз менен Жээнгүл жана алардын үч жашар кызы жайлоодо боз үй тигип алып жай бою жашашат, ал эми улуу балдары кыштакта калышкан.
Боз үй деген эмне? Бул түндүк деп аталган тегерекке орнотулган конустук түзүм, ага болсо оор кийиздер жабылат. Боз үйдүн ичинде койдун жүнүнөн жасалган килемдер салынып, тамак-аш даярдоо жана жылытуу үчүн кичинекей меш коюлат. Баары койдун майы жана түтүн жыттанып турат. Мен үй-бүлө менен чай ичүүгө олтурдум, дасторконго каймак май, кыям менен таттуу нан коюлуп чай ичилет.
Бир айдан кийин үй-бүлө көчүүгө даярданып жаткан экен. Жыл бою бул үй-бүлө өз малын багып чыгат. Жайкысын жайлоолорго, ал эми кышында болсо атайын даярдалган тоют менен мал багып чыгат.
Боз үйдүн кожоюндары мени да тамак жегенге аргасыз кылып сыйлашты. Биз мен начар билген орус тили жана бир нече сөздөрдү англисче сүйлөшүү менен пикир алышууга аракет кылдык. Чыңгыз менин мекеним Жаңы Зеландияда кой багуу кандай экенин билгиси келип сураган суроосун түшүнбөй калганыма аябай күлдүк.
Кичинекей Тасим көп жылмаят экен, анын беттери күн сайын сүт азыктары менен тамактангандыктан аябай бултукуй болуп, ысыктан кызарып чыгыптыр. Алардын эжеси жана аталаш туугандары да жайлоого келип мени - таңкалыштуу конокту көрүш үчүн биз менен тамактанууга олтурушту.
Кечтин кириши менен боз үйдүн кожойкеси биз олтурган үстөлдүн алдында жасалган «шкафтан» одеяло алып чыгып боз үйдүн бир капталына төшөк салып берди. Эртең менен бүт үй-бүлө мени өрөөндүн ылдый жагына чейин узатып келишти. Кыргызстан эң сонун кооз пейзажга ээ жана эс алууга чыкса мүмкунчүлүктөр аябай кенен, бирок мындай адамдар менен болгон жолугушууну мен эч качан унутпайм.

Кененирээк
Кыргызстанда боз үйгө барып конок болуу же эс алуу мүмкүнчүлүгү абдан кеңири. Жана муну Кыргызстандын көптөгөн шаарлары менен айылдарында өкүлчүлүктөрү жайгашкан туристтик фирмалар аркылуу ишке ашырса болот.

Наташа Фон Гельдерн
«Travel Wire Asia», 28-февраль, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Кыргызстан боз үй Наташа Фон Гельдерн
Похожие материалы:
Другие материалы раздела:
Комментарии
kolesa.kg


Публикации Авторов:

03.07.2020
V.Panfilova, NG
Кыргызстан провалил тест на коронавирус

02.07.2020
"Nezavisimaya gazeta"
Казахстан остановится в пятницу

01.07.2020
V.Panfilova, NG
Узбекистан получит новое задание от США

29.06.2020
E.Pogrebnyak(Vz.ru)
Китайская дорога в Средней Азии угрожает интересам России

29.06.2020
"Nezavisimaya gazeta"
В Кыргызстан возвращают цензуру

26.06.2020
V.Panfilova (NG)
Бишкек готовится перенести выборы в парламент из-за эпидемии

26.06.2020
"RIA Novosti"
В Кремле опровергли сообщения о готовящейся встрече Путина и Жээнбекова

25.06.2020
K.Karabekov, K.Krivosheev, Ъ
А. Атамбаев будет сидеть дольше, чем правил

25.06.2020
V.Panfilova, NG
Бердымухамедов борется не с вирусом, а с американцами

25.06.2020
"Nezavisimaya gazeta"
Президент Кыргызстан привез в Москву коронавирус

22.06.2020
I.Alekseenko, NG
K.Келимбетов: «Мы – платформа, где западные и восточные инвесторы могут встречаться и вести свою деятельность»

19.06.2020
V.Panfilova, NG
COVID опустошил коридоры казахстанской власти

19.06.2020
"Azattyk"
В Узбекистане обнародован список вузов соседних стран, которые не рекомендуются для поступления

16.06.2020
"Podrobno.uz"
Во Франции продали элитную недвижимость Гульнары Каримовой в жилом комплексе Triplex. Деньги вернули Узбекистану

16.06.2020
M.Smaiyl (Tengrinews)
Что будет с тенге при второй волне коронавируса - мнение экспертов

16.06.2020
"Eurasianet"
Туркменистан: страусиная политика Бердымухамедова

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней