Кыязы, Мубарак дарга асылат окшойт
среда, 29 февраля 2012 г. 19:12:26
Мубарак дарга асуу менен өлүм жазасына тартылат

«Мубарак демонстранттарды атууга буйрук чыгарган» деп айыпталгандан кийин Египеттин экс-президенти соттун алдында тура турган акыркы мүмкүнчүлүгүнөн ажырады.
Жаңы тарыхтагы эң чуулгандуу соттук процесстин бүтүшү менен кечээ кечинде сот Египеттин тактан кулатылган президенти Хосни Мубаракка дарга асуу аркылуу өлүм жазасына өкүм чыгарды.
Каир сотунун алдына бара турган акыркы мүмкүнчүлүктөн баш тартуу менен темир тор артында, бейтаптын керебетинде жаткан Мубарак айыптоочулардын далилдерин угуп, ал өкүмгө байланыштуу айта турган эч кандай сөзү жок экенин айтты. «Актоочу айткандар жетиштүү», - деди 83 жаштагы Мубарак. Анын башкаруусу кан төгүү менен башталган, анткени мурдагы президент Анвар Садат 1981-жылы Каирде болгон аскер парадынын убагында анын көз алдында атылып өлтүрүлгөн болчу.
Буга чейин, апта башында прокурор эгерде Мубарак айыптуу деп табылса ага дарга асуу аркылуу өлүм жазасы берилет деп эскерткен. Эки уулу да кошулуп темир тор артында коррупция боюнча айыпталып жаткан мурдагы президент «демонстранттарга карата ок атуучу куралды пайдалангыла» деп уруксат бергенин прокурор Мустафа Сулейман сотто айтып чыкты. «Биз 1, же 10, же 20 кишинин өлүмү тууралуу ишти карап жатканыбыз жок, биз бүт улуттун өлүмү тууралуу ишти карап жатабыз», - дейт Сулейман.
Мубарактан тышкары анын мурдагы ички иштер министри Хабиб аль-Адли жана коопсуздук кызматынын жогорку даражалуу төрт офицери да айыпталып жатат. Сот аларды да өлүм жазасына өкүм кылган атат. Былтыр 18 күндүк элдик көтөрүлүш учурунда Мубарак тактан кулатылып, 800дөн ашык киши курман болгон.
Соттун жыйынтыктоочу жыйынында Хабиб аль-Адли 90 минут сүйлөдү. Ал «чет элдик зыянкечтерди» элдик көтөрүлүшкө катышкандыгы үчүн айыптады жана аты айтылбаган египеттик кутумчулар менен бирге алар «Египеттин таза жерин булгады» деп билдирди.
Бирок Египеттин башкы прокурорунун өлүм жазасы тууралуу чакырыгына карабай, айрымдар Мубарактын дарга асылышы күмөн деп болжоп жатышат. Сотто курман болгондордун үй-бүлөсү катары күбө болгон, «Хишама Мубарак» уюмунун өкүлү Маха Мамон эгерде Египеттин мурдагы өкүмдары соттоло турган болсо да өлүм жазасы үчүн далилдер жетишсиз экенин айтты. «Хосни Мубарак менен Хабиб аль-Адли үчүн далилдер аз. Азыркы учурда алардын күнөөсү 50% далилденди. Бирок өлүм жазасына тартыш үчүн 100 пайыз далил келтириш керек», - деп айтты ал.
Бирок Мубарак боюнча чыга турган өкүм кээ бир курман болгон үй-бүлөлөрдү канааттандырыш үчүн аздык кылат. Көтөрүлүш чыгып биринчи эле күнү курман болгон автобус айдоочу Саид Мустафанын аялы «Independent» менен болгон маегинде мурдагы президентке өлүм жазасын буюруу «эң эле жумшак жаза» деп билдирди.
Соттук териштирүүнүн өзү бир топ сынга кабылды. Египеттин лидери Мубарактын мурдагы досу жана кесиптеши фельдмаршал Хусейн Тантауи былтыр көрсөтмө бериш үчүн чакырылган, бирок анын көрсөтмөлөрү камерадан тартылып көрсөтүлгөндүктөн аны жасалма экен деп шектенгендер дагы чыкты. Соттук териштирүүдө көптөгөн кайым айтышуулар, сотту алмаштыруу боюнча актоочулардын ийгиликсиз аракеттери болду. «Бул жөн гана оюн», деп айтты Малек Мустафа аттуу блоггер. Ал Хосни Мубарак бийликте турган кезде камакка алынган болчу. «Алар жөн гана элди алдап жатышат».
Соттун жыйынтыктоочу отуруму дагы бир маанилүү отурумга бир нече күн калганда болду. Сот бейөкмөт уюмдарга иштеген 16 америкалык жана 27 башка тараптардын ишин карап чыкмакчы. Алардын максаты - Египет өкмөтүнүн күчү менен жарандык коомду басуу болгон имиш. Аларга «чет элдик капиталды мыйзамсыз пайдаланган» деген айып тагылууда жана бул боюнча соттук териштирүү Египет менен Кошмо Штаттардын көп жылдык шериктештигине көлөкө түшүрмөкчү.

Алистер Бич
«Independent», 24-февраль, 2012-жыл
Котормо –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Мубарак дарга асуу өлүм жазасы Алистер Бич
Похожие материалы:
Другие материалы раздела:
Комментарии
avto.kg


Публикации Авторов:

15.10.2019
V.Panfilova, NG
Назарбаев убеждает, что в Казахстане лишь один президент

11.10.2019
D.Karimov (RG)
ЕАЭС расширяет зону свободной торговли

08.10.2019
"Zonakz.net"
Против кого ИГИЛ пойдет войной — против движения Талибан в Афганистане или против стран Центральной Азии?!

08.10.2019
"Kokshetau Asia"
Интеграция ЦА - альтернатива новому СССР

05.10.2019
"Lenta.ru"
Обнародован сценарий ядерной войны в 2025 году

05.10.2019
"EADaily"
В Кыргызстане рассказали, сколько стоят парламент и Генеральная прокуратура

03.10.2019
"Podrobno.uz"
Матвиенко о возможном возвращении Узбекистана в ОДКБ

03.10.2019
"Podronmo.uz"
В Узбекистане не все поддерживают вступление страны в ЕАЭС

03.10.2019
V.Panfilova, NG
Евразийский экономический союз расширится за счет Узбекистана

02.10.2019
M.Mihaylenko (DS)
Выдавить Россию. Как Китай переваривает Центральную Азию

02.10.2019
"Tengrinews"
Малахов в прямом эфире извинился перед кыргызами: "Кечирип коюнуздар"

01.10.2019
A.Khodasevich, NG
Лукашенко в поставках нефти надеется на Нур-Султан

30.09.2019
K.Aysin (VM)
Лингвист усмотрел оскорбление народа и призыв к коррупции в словах Малахова

30.09.2019
"SNG.Tofay"
Глава МИД Узбекистана призвал взглянуть на Центральную Азию по-другому

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней