АКШда мусулман-студенттерди полиция көзөмөлгө алгандыктан улам чуу чыкты
пятница, 24 февраля 2012 г. 20:37:04
Нью-Йорктун полициясы мусулман студенттердин арасында «террористтер тууралуу маалымат чогултканын» четке кагууда

Йель университети жана студенттик топтор Нью-Йорк полициясынын Американын баардык түндүк-чыгыш бөлүгүндөгү мусулман студенттерине карата укук бузган иш-аракеттерин сындап чыгышты, ал эми Ратгер университети менен мусулман ассоциацияларынын жетекчилиги полициянын бул кылыктарын иликтөөгө чакырды.
Өткөн аптанын соңунда «Associated Press» шаарлардын чет жакаларындагы мектептерде, анын ичинде Йель университетинин колледждери менен Пенсильвания штатынын университетинде Нью-Йорктун полициясы мусулман студенттерди буга чейин болуп көрбөгөндөй олуттуу түрдө көзөмөлгө алып келгенин кабарлады.
Буффалодон 480 чакырым алыс жерде Нью-Йорктун полициясы жергиликтүү бийликтен профессорлор тууралуу сураган жана Нью-Йорк штатынын түндүк бөлүгүнө жашыруун агенттерди жөнөткөн. Ал жактан полиция кызматкерлери мусулман-студенттер жөнүндө маалымат чогултушкан жана алар канча жолу намаз окуганын жашыруун полиция документтеринде белгилешкен.
Күн сайын детективдер мусулман студенттеринин сайттарын тыкыр көзөмөлгө алып, укук бузуучу иштерди жасап жатышканына карабай, профессорлор менен студенттердин аты-жөнү полициянын комиссары Рэймонд Келлинин буйругу менен отчетторго тиркелген.
2006-жыл үчүн түзүлгөн отчетто Нью-Йорктун полициясынын интернет-кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери мусулман студенттеринин ассоциацияларынын веб-сайттарын, блогдорун жана форумдарын күн сайын карашканы тууралуу айтылат.
Нью-Йорк полиция кызматкерлери иликтөөгө алган университеттер төмөнкүлөр: Йель университети, Колумбия университети, Пенсильвания, Сиракузы, Нью-Йорк Кларксон, Ратгер университеттери, ошондой эле Нью-Йорк штатынын Буффалодогу, Олбанидеги, Стони Брууктагы жана Потсдамдагы колледждеринин кампустары. Мындан тышкары полиция кызматкерлери «Квинс», «Барух», «Бруклин» жана «Ла Гуардиа» колледждерин көзөмөлгө алышкан.
Нью-Йорк полициясынын басма сөз катчысы полиция студенттик ассоциацияларда эмнелер болуп жатканын билиш үчүн ушундай кадамдарга барганын кабарлады. Ал Кошмо Штаттарда жана чет өлкөлөрдө терроризм үчүн айыпталып камакка алынган жана соттолгон, ошондой эле качандыр бир кезде мусулман студенттеринин ассоциациясына мүчө болгон студенттерди мисалга тартты.
Полиция өкүлү Пол Браун полиция студенттердин веб-сайттарын караганын жана жалпыга маалым болгон маалыматтарды гана топтогонун билдирди. Ал ошондой эле полиция детективдери 2006-жылдан 2007-жылга чейинки аралыкта гана маалымат чогултканын жана көзөмөлдөө иштерин жүргүзүшкөнүн белгиледи.
«Окуялар тууралуу кабарлашкан жана дайыма болуучу иш-чаралар жөнүндө кабарламаларды жөнөткөн студенттер алардан полиция кызматкерлери «террористтер тууралуу маалымат чогултту» деп тынчсызданбай эле койсо болот. Нью-Йорктун полициясы мыйзамсыз ишмердүүлүккө кошулуп кетүүгө шектүү делген тараптарды гана көзөмөлгө алган», - дейт Браун.
Йель университетинин президенти Ричард Левин «университеттин полициясы Нью-Йорктун полициясынын эч кандай операцияларына катышкан жок жана бул тууралуу билген да жокпуз»,- деп билдирди. «Мен диний жана улуттук өзгөчөлүктөргө карата полициянын көзөмөлү Йель университетинин, илимий коомчулуктун жана Кошмо Штаттардын баалуулуктарына карама-каршы деп эсептейм».
Америка-ислам мамилелери боюнча Коннектикут кеңешинин башчысы губернатор Дэнниэл П. Маллойду жана жергиликтүү бийликти Нью-Йорк полициясы көзөмөлдү канчалык деңгээлде жүргүзгөнүн аныктоо максатында иликтөө жүргүзүүгө жана буга кайрадан жол бербөөгө чакырды.
«Алар баардык мусулман коомчулугунун үстүнөн көзөмөл кылууну чечишкен, муну менен бул динге кирген коомчулукка кылмыш белгиси менен карашкан»,- дейт Коннектикут штатындагы аталган кеңештин директору Монжи Дхауади. Губернатор Маллойдун өкүлүнөн комментарий алууга мүмкүн болбоду.
Нью-Джерсиде жайгашкан Ратгер университети Нью-Йорктун полициясын «ал өзүнүн ишмердүүлүгүн биринчи иликтөөгө алсын» деп чакырык таштады. Ратгер университетинин мусулман студенттеринин ассоциациясы көзөмөлдү «адам укуктарынын бузулушу» деп атады.
«Ратгер университетинин студенттери Нью-Йорктун полиция кызматкерлеринин юрисдикцияга туура келбеген мыйзамсыз ишти жүргүзгөнүн жана адамдын конституциялык укуктарын жана тартипти бузушун сындайт», - деп айтылат Ратгер университетинин студенттик тобунун билдирүүсүндө.
Мусулман тектүү америкалык юристтердин ассоциациясы Нью-Йорктун башкы прокуратурасын иликтөөлө жүргүзүүгө чакырды. Ошондой эле Канададагы жана АКШдагы мусулман студенттеринин ассоциациясы (МСА) өз кабатырлыгын билдиришти.
МСАнын президенти Захир Латиф: «Мусулман студенттеринин улуттук ассоциациясы коомдун коопсуздугун сактоодо укук коргоо органдары менен дайыма иштөөгө даяр болгон уюм болчу. Ошого карабай Нью-Йорк полициясы Американын колледждериндеги катардагы мусулман студенттерге тыңчылык кылуу менен өз чегинен ачык эле чыгып кетти эсептейбиз. Алар кызматтык иш сапарларды уюштурушуп жана университеттер менен колледждердин кампусундагы иш-чараларга эч нерсе билбеген немедей катышкан», - деп билдирди.
Буффало университетинин мусулман студенттеринин ассоциациясы «Нью-Йорк полициясы тарабынан жүргүзүлгөн жашыруун иликтөө ачык эле дискриминация болуп эсептелет»,- деп билдирди.
Студенттерге карата көзөмөл баардык мусулман райондоруна жайылган чалгындоо операциясынын бир бөлүгү гана болуп саналат. Нью-Йорктун полициясы ал тургай мусулмандар кайда намаз окуй турганы, кай жерден соода кылаары, кайда жашап-иштей турганынан өйдө маалымат чогултушкан. Штаттагы эл кафедеги мусулман студенттеринин сөздөрүн угуп, маалымат берүүчүлөр Нью-Йорк полициясынын детективдерине күн сайын болгон сыйынууда мечитте эмне сөз болгонун жеткирип турушкан.
«Associated Press» бул тууралуу августта атуулдук эркиндиктерди талап кылышкан топтор жана АКШ Конгрессинин мүчөлөрү Юстиция министрлигинен иликтөө жүргүзүүнү сурангандан кийин кабарлай баштаган эле. Аны менен катар жогорудагы тараптар Нью-Йорктун башкы прокуратурасынан полициянын иш-аракеттерин карап чыгууну өтүнүшкөн.
Бирок иликтөөгө чакырыктар эмдигиче жыйынтык бере элек. Нью-Йорктун полициясынын чалгындоо бөлүмү өз ишин жашыруун кармоодо. Ал тургай бөлүмдү каржылаган шаардык кеңешке алардын жүргүзгөн операциялары тууралуу маалымат көрсөтүлгөн эмес. Анан да кызыгы Нью-Йорк полициясы федералдык казынадан жүздөгөн миллион АКШ долларын алганына карабай, Обаманын дминистрациясы бул полициянын тактикасы тууралуу өз позициясын билдирүүдөн бир канча жолу билгичтик менен баш тартып келет.

«Associated Press», 23-февраль, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: АШ мусулман студенттер
Другие материалы раздела:
Комментарии
хонда


Публикации Авторов:

15.10.2019
V.Panfilova, NG
Назарбаев убеждает, что в Казахстане лишь один президент

11.10.2019
D.Karimov (RG)
ЕАЭС расширяет зону свободной торговли

08.10.2019
"Zonakz.net"
Против кого ИГИЛ пойдет войной — против движения Талибан в Афганистане или против стран Центральной Азии?!

08.10.2019
"Kokshetau Asia"
Интеграция ЦА - альтернатива новому СССР

05.10.2019
"Lenta.ru"
Обнародован сценарий ядерной войны в 2025 году

05.10.2019
"EADaily"
В Кыргызстане рассказали, сколько стоят парламент и Генеральная прокуратура

03.10.2019
"Podrobno.uz"
Матвиенко о возможном возвращении Узбекистана в ОДКБ

03.10.2019
"Podronmo.uz"
В Узбекистане не все поддерживают вступление страны в ЕАЭС

03.10.2019
V.Panfilova, NG
Евразийский экономический союз расширится за счет Узбекистана

02.10.2019
M.Mihaylenko (DS)
Выдавить Россию. Как Китай переваривает Центральную Азию

02.10.2019
"Tengrinews"
Малахов в прямом эфире извинился перед кыргызами: "Кечирип коюнуздар"

01.10.2019
A.Khodasevich, NG
Лукашенко в поставках нефти надеется на Нур-Султан

30.09.2019
K.Aysin (VM)
Лингвист усмотрел оскорбление народа и призыв к коррупции в словах Малахова

30.09.2019
"SNG.Tofay"
Глава МИД Узбекистана призвал взглянуть на Центральную Азию по-другому

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней