Эмнеси болсо да талибдер менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат
среда, 22 февраля 2012 г. 20:09:36
АКШ менен Афганистан «Талибан» менен сүйлөшүүгө барууда

Карзай тынчтыкты жөнгө салуу боюнча үч тараптуу жашыруун сүйлөшүүлөр башталганын айтты.
«Америка жана афган өкмөтү «Талибан» менен үч тараптуу жашыруун сүйлөшүүлөрдү баштады», - деп айтты «Wall Street Journal» басылмасы менен болгон маегинде Афганистандын президенти Хамид Карзай, 10 жылга созулган согушту бүтүрүү аракеттери боюнча маанилүү жылыш тууралуу маалыматты ачыкка чыгарып.
Вашингтон менен талибдердин ортосунда болгон сүйлөшүүлөргө өкмөтү чакырылбай калган Карзай «Талибан» «кайсы бир деңгээлде» чыр-чатакты тынчтык менен жөнгө салууга ынтызар деп боолголойт.
«АКШнын өкмөтү менен «Талибандын» ортосунда жана афган өкмөтү менен талибдердин ортосунда дагы айрым байланыштар болгон», - деп айтты Карзай Кабулдагы өзүнүн ак сарайында.
Ал аталган процесске зыянын тийгизүүдөн коркуп, сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан жерди жана башка майда-чүйдөнү айткан жок. Ал эми «Талибандын» басма сөз катчысынан комментарий алууга мүмкүн болбоду.
«Талибандын» эмиссарлары менен АКШнын ортосундагы акыркы айларда болгон жолугушууларда Катарда «Талибандын» кеңсесин ачуу темасы козголгон, ошондой эле Кубанын Гуантанамо Бей түрмөсүндө кармалып жаткан талибдерди Катарга өткөрүп берүү боюнча ишеним чараларын камсыз кылуу талкууланган.
Президент Обаманын администрациясынын жогорку даражалуу чиновнигинин айтымында, АКШ Карзайды баардык тараптар ачык сүйлөшүүгө ынтызар экендигине ынадырганын айтат. Бул байланыштар болжол менен бир жыл мурда Американын жана немистердин дипломаттары «Талибандын» лидери Омор молдо менен жашыруун жолугушкандан кийин «жемишин бере» баштаган. «АКШ Кабулга бул талкуулар тууралуу дайыма маалымат берип келген», - дейт Карзай. Бирок ушул кезге чейин козголоңчулар Карзайдын «тактеке режими» менен эч качан сүйлөшүүлөргө барбасын ачык эле айтып келишкен.
Шаршемби күнү Карзай бул билдирүүлөрдү четке какты. «Биз «Талибан» менен сүйлөшкөнбүз, биз топтун лидерлери менен да сүйлөшүүгө барганбыз», - деди ал.
Бир нече апта мурда Кабул бул процесстен четте калат деп коркуп, Афганистандын бийлиги алгачкы сүйлөшүүлөрдө Катардын маанилүү роль ойноп атканына наарызы болгон. «АКШ эми биздин өкмөттүн пикирин жана шарттарын, анын ичинде сүйлөшүүлөргө катышуу тууралуу өтүнүчүн кабыл алды жана бул тууралуу Катар менен талибдерге билдиришти», -дейт Карзай. «Бул биз эмнени кааласак, ошону америкалык өкмөт кабыл алганын жана биздин каалоону туура деп тапканын көрсөтүп турат».
Мүмкүн болуучу кандай гана келишим жолдоруна болбосун тоскоолдук сакталууда, эң ири тоскоолдук - афган террористтик тобун Пакистан колдоп жаткандыгы.
Карзай Пакистандын жана Ирандын президенттеринин катышуусу менен Пакистанда боло турган жыйында тынчтык келишимине жетиш үчүн жардам сураарын да айтты. «Пакистан менен болгон кызматташуу биз үчүн да, талибдер үчүн да, АКШ үчүн да кыйынчылыктарды жеңилдетет», -дейт ал.
Кабулда бир аз мурда болгон жолугушууда Пакистандын тышкы иштер министри «Талибан» менен тынчтыкка келүү процесстерин колдой турганын билдирди. Бирок Карзай Пакистандын чалгын кызматы афган козголоңчуларына колдоону азайтып жатканын көрсөткүдөй эч кандай белгилерди байкабаганын айтты.
Афганистандын «Талибан» менен байланыштарды жакшыртуу тууралуу аракети сентябрь айында башкы афган данакери, өлкөнүн мурдагы президенти Бурхануддин Раббанинин өлүмүнөн кийин соккуга кабылды. Афган бийлиги анын өлүмүнө Пакистандан келген, анын чалгындоо кызматы жиберген «Талибандын» болжолдонуп жаткан тыңчысы күнөөлүү деп билдирди. Пакистан баардык дооматтарды четке какты. Америкалык чиновниктер «Талибандын» элчилеринин «чын-төгүнүн текшергенден» кийин жана топтун жетекчилиги Америка менен болгон сүйлөшүүлөрдү расмий ырастаган соң сүйлөшүүлөрдүн акыркы айлампасы болмокчу.
Карзайдын айтымында, АКШ менен стратегиялык шериктештик боюнча кээ бир сүйлөшүүлөр талибандардын «афган жеринде бир дагы чет элдик аскер калбай калганча күрөштү улантабыз» деген билдирүүлөрүнө карабай, анын тынчтыккка жетишүүгө умтулушуна тоскоол боло албайт.
Карзай «Талибан» тынчтык келишиминин алкагында АКШнын америкалык аскерлер узак мөөнөткө кала тургандыгы тууралуу келишимине дагы макулдук бериши мүмкүн экендигин кошумчалады.
«Афганистандын эли тынчтыктык каалайт, анын ичинде «Талибан» дагы. Алардын баары тең биздей эле. Алардын үй-бүлөсү, бала-чакасы, туугандары бар жана алар да кыйын күндөрдү баштан кечирип жатышат», - дейт ал. ««Талибандын» катарында афган өлкөсү, анын эли жапа чегишин каалабаган афган уулдары бар».
АКШ менен шериктештик тууралуу сүйлөшүүдө Карзай коалиция аскерлери афгандардын үйлөрүнө түнкү рейд жүргүзүшүн токтотуу, ошондой эле аскерлер кармап, камап жаткан афгандарды Афганистандын өз абактарына өткөрүп берүү талабын коюуда. Бирок анын бул мүдөөсү аткарылабы, жокпу азырынча белгисиз. Коалициянын өкүлдөрү Карзайдын талаптарын аткарыш үчүн адегенде афган армиясы менен коопсуздук кызматын чыңдаш керек деп ишендирүүдө.
Карзай түнкү рейддер жана абактагылар тууралуу анын талаптары аткарылмайын АКШ менен келишимге кол коюлбайт деп көжөлүп жаткан кези. «Мунун баары терроризм менен согушка эч кандай тиешеси жок. Бул Афганистандын эгемендигинин маселеси, ал эми шериктештик тууралуу келишим эки көз карандысыз тараптардын ортосунда гана кол коюлууга тийиш», - деп белгиледи Карзай.
Бирок Карзай Афганистандагы америкалык аскерлердин иммунитети жөнүндө маселени дагы да караса боло турганын кыйытты. «Бул маселени биз талкуулай алабыз. Биз Америка менен шериктеш болсок дейбиз. Жана биз бул үчүн колдон келгендин баарын жасайбыз».
Маек убагында Карзай президент Джордж Буш менен болгон «жылуу» мамилелерди дагы эске салды жана республикачылардын атынан жарышка аттанып жаткан Митта Ромнини «жакшы адам» деп атады, ошондой эле ал тууралуу «абдан жакшы пикирде калганын» айтты.
Афган президенти шайлоонун жүрүшүнө аралашпай турганын билдирди. 2014-жылы президенттик мөөнөтү бүтө турган Карзай Конституциядагы тыюудан улам кийинки шайлоого катышпай турганын айтты. Ага кошумча президенттиктен кеткенден кийин «улут атасы» деген саясий кызматка барабы деп күдүктөнүп жаткандардын санаасын тынчытып, ал орунга да барбай турганын айтты. «Бул туура эмес. Бизде анча көп улут атасынын кереги жок», - дейт ал.
Карзай ошондой эле Кабулдагы бир тууганы Кайумга да 2014-жылы боло турган президенттик шайлоодо «талапкерлигиңди койбо» деп кеңеш берээрин кошумчалады. Батыш дипломаттары Кайумду мураскер болот деп болжоп жатышкан. «Кандай болгон күндө да, ага колдоо көрсөттү деп мени айыпташат», - деди Карзай. Анын пикиринде, Афганистанда келерки жолу башка фамилиядагы президент бийликке келгени дурус.

Ярослав Трофимов, Мэтт Мюррей
«Wall Street Journal», 16-февраль, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Ярослав Трофимов Мэтт Мюррей талибдер сүйлөшүү
Другие материалы раздела:
Комментарии
diesel.kg


Публикации Авторов:

11.10.2019
D.Karimov (RG)
ЕАЭС расширяет зону свободной торговли

08.10.2019
"Zonakz.net"
Против кого ИГИЛ пойдет войной — против движения Талибан в Афганистане или против стран Центральной Азии?!

08.10.2019
"Kokshetau Asia"
Интеграция ЦА - альтернатива новому СССР

05.10.2019
"Lenta.ru"
Обнародован сценарий ядерной войны в 2025 году

05.10.2019
"EADaily"
В Кыргызстане рассказали, сколько стоят парламент и Генеральная прокуратура

03.10.2019
"Podrobno.uz"
Матвиенко о возможном возвращении Узбекистана в ОДКБ

03.10.2019
"Podronmo.uz"
В Узбекистане не все поддерживают вступление страны в ЕАЭС

03.10.2019
V.Panfilova, NG
Евразийский экономический союз расширится за счет Узбекистана

02.10.2019
M.Mihaylenko (DS)
Выдавить Россию. Как Китай переваривает Центральную Азию

02.10.2019
"Tengrinews"
Малахов в прямом эфире извинился перед кыргызами: "Кечирип коюнуздар"

01.10.2019
A.Khodasevich, NG
Лукашенко в поставках нефти надеется на Нур-Султан

30.09.2019
K.Aysin (VM)
Лингвист усмотрел оскорбление народа и призыв к коррупции в словах Малахова

30.09.2019
"SNG.Tofay"
Глава МИД Узбекистана призвал взглянуть на Центральную Азию по-другому

27.09.2019
A.Petrov (RG)
Москва - Бишкеку

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней