Ыйык Валентин күнү Өзбекстандын бийлигине жаккан жок
четверг, 16 февраля 2012 г. 10:20:58
Өзбекстанда «Ыйык Валентин күнүн» майрамдоого тыюу салынды

Демейде поп-ырчы Райхандын ырынын коштоосунун алдында «Ыйык Валентин күнүн» белгилеген ашыктар быйыл сүйүктүү майрамын кантип белгилейбиз деп баш катырмай болушту.
Өз музыкасында батыштын поп-музыкасы менен чыгыш ыргактарын айкалыштыруу аркылуу таанымал болгон өзбек ырчысы Райхан көп жылдар бою 14-февралда концерт берип келген. Быйыл сүйүшкөндөр күнүн майрамдоого тыюу салуу менен катар анын концерт коюшуна да тыюу салынды.
«Ыйык Валентин күнүн» майрамдоонун ордуна бийлик 14-февралда туулган жергиликтүү баатыр, моголдордун императору Бабурдун өмүр жолун окуп-үйрөнүүгө жаштардын көңүлүн бурууну чечкен. Чыңгызхандын тукуму болгон, бир кездерде Түштүк жана Борбор Азияда маданий жактан бай империяны негиздеген Бабурдун күнү бүткүл өлкө боюнча ыр окуу жана поэтикалык фестивалдарды өткөрүү менен белгиленмекчи.
«Концертке баруунун ордуна эми биз бир нече саатты өлкөнүн баардык университеттеринде уюшулган зериктирме иш-чараларда коротмой болгонубуз абдан өкүнүчтүү», - дейт ташкенттик студент.
Баалуулуктарды жайылтуу жана таанытуу министрлигинин алдындагы билим берүү департаментинин расмий өкүлү «Бабурдун туулган күнүнө арналган иш-чараларды өткөрүүгө буйрук берген, ал эми маданиятка туура келбеген майрамды белгилегенге тыюу салган» ички жарлык чыгарганын айтты. Атын атагысы келбеген чиновник бул жарлык бир аз мурда чыгарылганын да кошумчалады.
Өзбекстандын атуулдары Батыштын таасирине каршы турууга багытталган бийликтин акыркы кадамдарынын бири болгон жаңы буйрук боюнча эки жаатка бөлүнүп жаткан кези.
Абдулла атуу Ташкенттин тургуну бийлик концертке тыюу салганы туура болду деп эсептейт. «Бул биздин атактуу бабабыз Захириддин Мухаммед Бабурдун туулган күнү. Эмне үчүн биз жасалма ойлонулган жана мааниси жок майрамды белгилешибиз керек? «Ыйык Валентин күнүнө» окшогон ар кандай майрамдарды белгилөө биздин менталитетке ылайык келбейт жана биздин тарыхыбызга дагы туура келбейт», - деп айтты ал.
Бирок Жасур Хамраев аттуу журналист патриоттук салтанаттарды киргизүү туура эмес кадам деп нааразыланды. «Силер бул күндү майрамдоону улуттук себеп менен токтотпошуңар керек, себеби бул элди эки жаатка бөлөт», - деп айтты ал. «Жаштар Райхан ырчынын шоу-программасынан ырахат алышчу», - деп кошумчалады ал. «Бул күлкү келерлик нерсе. 10 жыл бою ал өзүнүн концерттерин ушул күнү берип келген жана буга бир маалда биздин бабабыз туулган күнү турбайбы деп эстей калып тыюу салган акылга сыйбайт».

«Жагымсыз жагдай»
Жергиликтүү ММКлар кабарлагандай, маалымат боюнча мамлекеттик органдар жергиликтүү басылмаларга «Ыйык Валентин күнүн» майрамдоого арналган материалдарды чыгарбашыңар керек», - деп алдын-ала эскерткен.
BBC булагына студенттердин бири ««Ыйык Валентин күнү» жаштар арасында белгиленген жаңы салт болуп калган, негизинен сүйүшкөндөр бири-бирине сувенир, ачылма тартуулап, чакан белектерди беришчү», деп айтты.
«Uznews.net» эркин өзбек сайты жеке сурамжылоо жүргүзүп, суралгандардын басымдуу бөлүгү бул майрамды ресторандарга же клубдарга баруу менен өткөрө турганын аныктаган.
Сайтта башкалаада жашаган студенттин «концертке баруунун ордуна эми биз бир нече саат бою өлкөнүн баардык университеттеринде уюшулган зериктирме иш-чараларда отурмак болгонубуз абдан эле өкүнүчтүү» деген сөзү цитата келтирилген.
Бул бийлик жана албетте мамлекеттик ММКлар Батыштын таасирине каршы туруш үчүн жүргүзгөн иштердин алгачкысы эмес. Өткөн бир нече апта бою басма сөз беттеринде чет элдик көбүртмөй операларды, айрыкча мексикалык жана латиноамерикалык сериалдарды сындаган бир нече макалалар жарык көргөн эле. Ал макалаларда бул сериалдар ачык эле түрдө жергиликтүү баалуулуктар менен каада-салттарды бузуп жатат деп айтылат.
Өткөн аптада өлкө боюнча болгон кеңири программада хард-рок жана рэп-музыкага карата дал ушундай сын-пикирлер айтылган болчу. Мамлекеттик телевидениенин жаштар каналы жогоруда аталган музыкаларды баңгизатка сугарылган, ыймансыз жана «шайтандаган музыка» деп баа берген.
Өкмөт рэп-музыканын цензурасы жана көзөмөлү үчүн атайын орган түзгөн, ал ошондой эле сүрөтчүлөрдү каттоо, көбүрөөк пайдалуу деп эсептеген лириканы пайдалануу үчүн дайыма жолугушууларды уюштуруу менен да иш алып барат.
Байкоочулар белгилегендей Батыштын маданиятына карата бийликтин ыкмалары мамлекеттик ММКнын көп басымдары менен дал келбейт. Батыштын маданияты телекөрсөтүүдө жана Интернетте моралдык жактан туура келбесе, президенттин кызы Гүлнара Каримова тартылып жаткан клиптер тууралуу бир ооз да жаман сөз айтылбай келет.

Йоханнес Делл  жана Шодиор Эшаев
BBC, 14-февраль, 2012-жыл
Котормо –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Йоханнес Делл Шодиор Эшаев Райхан Өзбекстан Ыйык Валентин күнү
Похожие материалы:
Другие материалы раздела:
Комментарии
колеса бишкек


Публикации Авторов:

11.11.2019
"RIA Novosti"
Эксперты рассказали о взаимодействии России и Китая в Азии

11.11.2019
"TASS"
Макрон заявил о готовности решать проблемы Центральной Азии со всеми странами региона

11.11.2019
"Haqqin.az"
Резиденция президента Казахстана осталась без света

06.11.2019
"Haqqin.az"
Таджикистан задумал передать Узбекистану территорию с золотом

01.11.2019
"LSM.kz"
Казахстан поставил ультиматум странам ЕАЭС

01.11.2019
V.Panfilova, NG
Пекин осваивает Горный Бадахшан

30.10.2019
J.Lillis, EN
Кто же все-таки лидер нации в Казахстане?

24.10.2019
K.Karabekov, Ъ
Дело экс-президента Кыргызстана рассмотрят конституционно

24.10.2019
"Nezavisimaya gazeta"
Туркменский газопровод берут под охрану афганские военные

23.10.2019
V.Panfilova, NG
Назарбаев возвращает свои полномочия

18.10.2019
A.Saruar (LSM.kz)
Казахстан проиграл всем странам ЕАЭС во взаимной торговле

16.10.2019
"CentrAsia"
Вернут ли Жээнбеков и Трамп американскую военную базу в Кыргызстан?

15.10.2019
V.Panfilova, NG
Назарбаев убеждает, что в Казахстане лишь один президент

11.10.2019
D.Karimov (RG)
ЕАЭС расширяет зону свободной торговли

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней