Горбачев Путинди кайрадан сындап чыкты
вторник, 14 февраля 2012 г. 11:41:07
«Путин өзүнүн потенциялын жоготту» деп эсептейт Горбачев

Москва. Бейшемби күнү Михаил Горбачев Россиянын өкмөт башчысы Владимир Путин өзүнүн потенциалын жоготту деп билдирди. Ал ошондой эле «Путин Кремлдин саясий системасын өзгөртө албай калганы өкмөткө каршы дагы көп нааразылык акцияларынын чыгышына белги болуп калышы мүмкүн», - деп белгиледи.
1991-жылы Советтер Союзу кулагандан бери боло элек оппозициянын ири митингдерине карабай, 2000-жылдан 2008-жылга чейин Россиянын президенти болгон, ал эми азыр өкмөт башчысынын кызматында олтурган Владимир Путин 4-мартта өтө турган шайлоодо президент болуп калышы толук мүмкүн.
«Эгерде ал көп нерсени өзгөртүүгө күчү жетпесе, менин көз карашымда кайра президент болушу кыйын болуп калат жана баары акыры аягы шаардык аянттагы ызы-чуулар менен аяктап калышы мүмкүн», - деп билдирди басма сөз жыйынында Советтер Союзунун акыркы лидери Горбачев. «Ал мунун баарын жалгыз өзү көтөрө албайт. Азыркы учурда ал өзүндө болгон потенциалды коротуп бүттү».
Бир нече саат өткөндөн кийин Путин Россиянын өнөкөт оорусу болуп калган коррпуция менен күрөшүү тууралуу сунуш киргизди жана 1990-жылдарда болгон мамлекеттик ишканаларды менчиктештирүүгө катышкан ишкер чөйрөнүн өкүлдөрүнө келтирилген зыянды толтуруп берүүнү сунуштады.
Горбачев бир аз мурда Путинди бийликти өткөрүп берүүгө жана ага каршы нааразылык акцияларынын себепкери болгон декабрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууга чакырып өткөн. Миңдеген демонстранттар Кремлди сындагандарга кошулуп, Путинди басма сөз эркиндигин чектегендиги, Россияда кеңири кулач жайган коррупцияга жол бергендиги үчүн айыпташкан.
Горбачев  Советтер Союзун 1985-жылдан тартып 1991-жылы ал тарап кеткенге чейин башкарып турган. Аны чет мамлекеттер кадырлап, ал эми өз мекенинде анча деле көңүл бурушпайт жана ошондуктан Горбачевдун комментарийлери Путиндин бийлигине таасир этпеши мүмкүн.
Ошол эле маалда Путин мурдагыдай эле Россияда реформалар тарабында турганын далилдөөгө умтулууда. Бизнесмендер ассоциациясына кайрылган Путин ал ишкерлердин мыйзамдарды иштеп чыгууда жана саясатты калыптандырууда өкмөт менен тыгыз кызматташуусун каалай турганын айтты.
Өкмөт башчы ошондой эле ишкерлер чөйрөсүн көптөгөн ири ишканалар жана активдер болбогон акчага сатылып кеткен, анын натыйжасында Россиядагы көп адамдар байыган 1990-жылдардагы менчиктештирүүнү кайра карап чыгууга чакырды.
«Биз ачыгын айтканда көз боемочулук көп болгон 1990-жылдардагы менчиктеширүү боюнча маселеге чекит коюшубуз керек», - деп айтты Путин. «Бул бир жолку төлөм же ушуга окшогон нерсе болушу керек жана биз бул тууралуу баарыбыз ойлонууга тийишпиз».
Путин менен бирге өлкөнүн президенттик кызматына болгону беш талапкер ат салышмакчы, алардын бири Москва жана Санкт-Петербург боюнча сурамжылоодо экинчи орунду ээлеп келе жаткан магнат Михаил Прохоров.
Прохоров ошол эле ишкер-топко Путиндин сөзүнөн бир нече саат мурда чыгып сүйлөп, ишкерлерден өз ыктыяры менен жеке кирешесинен 1 пайызды жана компаниянын кирешелеринен 0,2 пайызды таланттуу балдар мектеби же болбосо шишик менен жүрөк ооруларын изилдөө сыяктуу маанилүү, бирок кымбат долбоорлорду каржылаш үчүн «социалдык фондго» которууну сунуштады. «Дал ушундай ыкма гана коомчулуктун ишенимин калыбына келтириши мүмкүн», дейт ал.
Прохоров бизнес ачууда жана жүргүзүүдө зарыл болгон уруксат кагаздарынын санын азайтуу сыяктуу россиялык бизнеске жардам бере турган кадамдарды эсептеп чыкты. Ошондой эле ал Россиянын эмгек боюнча мыйзамдарын ишкерлик үчүн көбүрөөк жагымдуу болгудай кылып кайра жазып чыгууну сунуш кылды.
Аудитория Путинди ынтызарлык менен тосуп алса да ишкана жетекчилери анын убадаларына кооптонуу менен мамиле кылгандай көрүндү. «Мунун баары аткарыла турган нерселер», - деп айтты москвалык консультант Андрей Мурадов өлкөнүн ишкер климатын жакшыртуу боюнча Путиндин тизмесине көңүл буруп жатып. «Путиндин идеялары узак мөөнөттүү саясий эркти талап кылат жана эң негизгиси - шайлоо алдындагы үгүт үчүн гана айтылып жатпаса болгону».

Наталья Васильева
«Associated Press», 10-февраля 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Наталья Васильева Горбачев Путин
Другие материалы раздела:
Комментарии
автомобили в киргизии


Публикации Авторов:

18.10.2019
A.Saruar (LSM.kz)
Казахстан проиграл всем странам ЕАЭС во взаимной торговле

16.10.2019
"CentrAsia"
Вернут ли Жээнбеков и Трамп американскую военную базу в Кыргызстан?

15.10.2019
V.Panfilova, NG
Назарбаев убеждает, что в Казахстане лишь один президент

11.10.2019
D.Karimov (RG)
ЕАЭС расширяет зону свободной торговли

08.10.2019
"Zonakz.net"
Против кого ИГИЛ пойдет войной — против движения Талибан в Афганистане или против стран Центральной Азии?!

08.10.2019
"Kokshetau Asia"
Интеграция ЦА - альтернатива новому СССР

05.10.2019
"Lenta.ru"
Обнародован сценарий ядерной войны в 2025 году

05.10.2019
"EADaily"
В Кыргызстане рассказали, сколько стоят парламент и Генеральная прокуратура

03.10.2019
"Podrobno.uz"
Матвиенко о возможном возвращении Узбекистана в ОДКБ

03.10.2019
"Podronmo.uz"
В Узбекистане не все поддерживают вступление страны в ЕАЭС

03.10.2019
V.Panfilova, NG
Евразийский экономический союз расширится за счет Узбекистана

02.10.2019
M.Mihaylenko (DS)
Выдавить Россию. Как Китай переваривает Центральную Азию

02.10.2019
"Tengrinews"
Малахов в прямом эфире извинился перед кыргызами: "Кечирип коюнуздар"

01.10.2019
A.Khodasevich, NG
Лукашенко в поставках нефти надеется на Нур-Султан

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней