Кыргызстандын ырчысы «Евразия жылдызы» болду
среда, 18 января 2012 г. 19:56:39
Кыргызстан түрк тилдүү өлкөлөрдүн поп-конкурсунун жеңүүчүсү болду

«Евровидение», жол бошот! Кыргызстандын 22 жаштагы катышуучусу Стамбулда өткөн «Евразия жылдыздары» музыкалык поп-конкурсунун жеңүүчүсү болуп табылды. Конкурсту түрк мамлекеттик телевидениеси уюштурган, эми бул жаш жигит үйүнө 30 миң АКШ доллары менен кайтып келди.
Алты раунддан турган музыкалык конкурс эки аптага созулуп, күйөрмандардын СМС-кабарларынан улам 14-январда калыстар тобу бир добуштан жеңишти Гүлжигит Калыковго ыйгарышты. Мунун урматына «Евразия жылдыздарынын» кийинки конкурсу Кыргызстанда өтмөкчү болду.
Кыргызстандагы эң таанымал аткаруучу Гүлнур Сатылганова «Биздин жердешибиздин жеңиши, айрыкча буга окшогон долбоорду өткөрүүнүн биринчи жылындагы жеңиши Кыргызстандагы жандуу үн менен ырдоонун деңгээлин жогорулатат жана дүйнөлүк коомчулуктун көз алдында кадырын көтөрөт, ошондой эле өлкө эл аралык масштабдагы жылдыздарды тарбиялап чыгышына мүмкүндүк берет», - деп билдирди.
Өзбекстан түрк тилдүү өлкөлөрдүн конкурсуна катышуудан баш тарткан. Ал эми конкурска быйыл борборунда «Евровидение» өтө турган Азербайджан, Казакстан, Кыргызстан, Түндүк Кипр, Түркия жана Түркмөнстан катышты.
«Евразия жылдызы» конкурсуна катышуу үчүн тандоо процесси сынга кабылды. Туркмөнстандык Аннасолтан аттуу блоггер «Neweurasia.net» блог-платформасына Түркмөнстанда болгон добуш берүү таза болгон жок деп билдирген. Добуш берүүнүн жыйынтыгына калыстар өкмөт тарабынан дайындалышы да чоң таасир берген, ал эми тексттик кабарламалар мамлекеттик уюлдук оператор болгон «Алтын асыр» тарабынан жөнөтүлгөнү жана эсептелгени да жүрүштөрдү өзгөрткөн. «Электрондук демократияны тажрыйба жүргүзүү мүмкүнчүлүгү колдон чыгарылды. Добуш берүүнүн жыйынтыгында айкындуулук болгон жок, ал эми биздин добуштар өкмөткө кандай керек болсо дал ошондой эсептелди, ал эми Түркмөнстанда буга көнгөнбүз», - деп жазат Аннасолтан.
Акыры учурларда Кыргызстан өзүнүн сенсациялуу поп-аткаруучуларын билгичтик менен таанытууда. Ноябрь айында караколдук 21 жаштагы Атай Өмүрзаков Чехословакияда өткөн «Биз таланттарды издейбиз» деген конкурстун жеңүүчүсү болгон эле. Ал өзүнүн «робот бийин» бийлеген.

Дэвид Триллинг
«EurasiaNet.org», 16-январь, 2012-жыл
Котормо –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Гүлжигит Калыков Кыргызстан Евразия жылдыздары
Другие материалы раздела:
Комментарии


Публикации Авторов:

29.05.2020
T.Temirhanov (Asia +)
Другой мир. Как в Узбекистане и Кыргызстане поддерживают бизнес

28.05.2020
"Nezavisimaya gazeta"
Кыргызстан на грани энергетического голода

27.05.2020
"Nur.kz"
Букмекерские конторы перенесут в игорные зоны в Казахстане

27.05.2020
"Ferghana"
Осужденная на десять лет сестра кыргызского депутата получила убежище в Польше

27.05.2020
"Reuters"
Вопрос остановки Тенгиза из-за коронавируса не стоит -- министр энергетики Казахстана

27.05.2020
"Nezavisimaya gazeta"
В Казахстане могут появиться новые партии

23.05.2020
"Ritmeurasia"
В Минздраве Таджикистана сообщили, сколько человек вылечились от COVID-19

21.05.2020
V.Panfilova, NG
В Бишкеке может произойти олигархическая революция

19.05.2020
"Nezavisimaya gazeta"
Таджикистан поставил региональный рекорд по смертности от COVID-19

18.05.2020
"Tengrinews", KZ
"Про сезон можно забыть". Отдохнут ли летом казахстанцы на Иссык-Куле?

15.05.2020
V.Panfilova, NG
Кыргызстан могут поделить на зоны полевые командиры

12.05.2020
"Tengrinews", KZ
"Обещают повесить": консул Кыргызстана попросил защиты у МВД России - СМИ

12.05.2020
"Ъ"
Кыргызстан попросил Россию снизить цены на газ

12.05.2020
"Nezavisimaya gazeta"
Ташкент, несмотря на риски, выбрал ЕАЭС

08.05.2020
P.Leonard, EuAs
Токаев откусил кусок бутерброда Назарбаевых

04.05.2020
"Kursiv"
Какая из столиц Центральной Азии самая неудобная для пешеходов

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней