BYPOL: Бакиевдин келини Лукашенконун калкалоосу үчүн ага миллиондорду бергенин төгүндөдү

Бозгун президент Курманбек Бакиевдин келини Айжан Кененбаева Беларустун президенти Александр Лукашенконун «калкалоосу» үчүн ага пара бергени тууралуу маалыматты төгүндөдү.

BYPOL’дун иликтөөсү

Буга чейин Беларустун BYPOL күч күчтөрүнүн бирикмеси Лукашенкого пара бергендер боюнча иликтөөсүн жарыялаган. Алардын маалыматына ылайык, Кыргызстандын бийликтен кулатылган президентинин уулу Максим Бакиевдин жубайы Айжан Кененбаева Беларуста «калкалоо жана жаап-жашыруу » үчүн кеминде 1,6 млн доллар пара берген. Бул ага Лукошенкого пара берегендердин тизмесинде экинчи орунду камсыздаган.

BYPOL’дун маалыматы боюнча, Кененбаева Лукашенкого жалпы баасы $1,5 миллион долларды чапчыган Mercedes-Maybach S600 Pullman Guard М жана Harley-Davidson мотоциклин тартуулаган.

Лукашенконун Лимузини. BYPOL’дун видеосунан скриншот

«Беларуста Лукашенкого мындай “тартуу” берүү эбактан бери эле калыптанган. Мамлекет менен тыгыз байланыштагы же кандайдыр бир артыкчылыкка ээ бизнес компания болобу, же кайсы бир кишилерби — аларды калкалаганы үчүн Лукашенкого ушундай кымбат сый көрсөтүшөт. Жогоруда аталган жаран [Кененбаева] дагы ошолордун бири деп түшүнсөк болот. Албетте, пара берүүдө анын атын гана колдонушкан. Чынында ал Курманбек Бакиевдин кланынын, анын уулдары менен инилеринин атынан тартууланганы айтпаса да түшүнүктүү», — деп BYPOL’дун өкүлү Игорь Лобан «Азаттыка» курган маегинде айтып берди.

Кененбаева эмне дейт?

Кененбаева «Вечерний Бишкек» басылмасына курган маегинде BYPOL’дун маалыматты «ойдон токулган» деп атады.

«Бул маалымат мага жеткенде абдан таң калып, нес болдум! Бул жерден эмне деп айта аласың? Материалдын автору ишинде креативдүүлүк жаратыптыр […] [Бул] кадимки эле маалыматтык согуш. Өкүнүчтүүсү автордун чыгармачылык энергиясы конструктивдүү нерсеге эмес, жалаң гана жала жабууга багытталган», — деди ал.

«Иликтөөнүн авторлорун сотко бересизби» деген суроого ал «зарылчылык көрбөй элемин» деп жооп берди.

Анын айтымында, Бакиевдер Лукашенкого бир нерсе тартуулап же тартуулабаганын билбейт. Ал «бул мен кабардар болгон чөйрө эмес» деп белгилеген.

«Ал [Курманбек Бакиев] мени менен өзүнүн пландарын талкуулабайт. Бирок мен мекенин абдан сагынып жатканын билем», — деди Кененбаева 2022-жылы жазында Курманбек Бакиев Кыргызстанга келген жатабы деген суроого жооп берип.

Бакиевдердин кланы

Курманбек Бакиев үй-бүлөсү менен

Курманбек Бакиев — Кыргызстандын кулатылган экинчи бозгун президенти. Саясатчы кландык башкарууга, ал эми үй-бүлө мүчөлөрү атандааштары менен журналисттердин көзүн тазалоого жана рейдерликке айыпталган. 2010-жылдын 7-апрелинде нааразычылыкка чыккандарга карата курал колдонулуп, натыйжада Ак үй алдындагы аянтта 80ден ашуун адам курман болгон.

2010-жылдагы төңкөрүштөн кийин Бакиев үй-бүлөсү менен Беларуска качкан. Ал жакка баргандан кийин алгач «Плавно» президенттик резиденциясында жашаган, андан кийин Минсктеги «Дрозды» элиталуу районго көчкөн.

Кыргызстанда сот Курманбек Бакиевди сыртынан 30 жылга эркинен ажыраткан, ал анын 25 жылын күчөтүлгөн тартиптеги колонияда өткөрүшү керек. Кыргызстандын бийлиги аны өткөрүп берүүнү бир канча жолу сураган, бирок Белорусиянын президенти баш тартып келет.

Бакиевдин тун уулу Марат Беларустагы Раубичи деген элиталуу кыштакта жашайт. Ал эми экинчи баласы Максим Англиядагы Суррей графтыгында, беш млн долларлык хан сарайда жашайт. Кыргызстандын качкын президенттин иниси Жаныш Бакиев да Белоруста жашайт.

Бакиев менен чогуу качкан мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнөв дагы байманалуу жашайт. Ал Беларус улуттук биотехнологиялык корпорациясын (БУБК) жетектейт. «Кошт Ураданын» иликтөөсүнө ылайык, дал ушул компания аркылуу Беларустун мамбюджетинен акчалар чыгарылат.

Булак: ‘Kloop’
Мундузбек Калыков
14.12.21